КЖКБ чек ара кызматынын окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө

28-октябрдан 30-октябрга чейин БУУ КЖКБ Чек ара кызматынын жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын инструкторлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө. Тренинг качкындарды коргоонун зарыл болгон деңгээлин камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Тренингди АКШнын Мамлекеттик департаментинин Калк, качкындар жана миграция иштери боюнча Бюросунун финансылык колдоосу алдында БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте өткөрүп жатат.

“Бул тренинг Европадагы соңку окуялардан улам өз убагында уюштурулду”, - деп белгиледи иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Өкмөт аппаратынын өкүлү Адилет Жанузаков.

Тренингге Мамлекеттик Чек ара кызматынын, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жана Мамлекеттик Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу Борборунун өкүлдөрү, ошондой эле ЕККУ, Миграция боюнча эл аралык уюмдун, БУУ КЖКБнын өкүлдөрү катышууда.

Тренинг чек ара кызматынын, миграциялык көзөмөл органдарынын жана чек арага келген адамдарды биринчилерден болуп тосуп алган башка кызматтардын өкүлдөрүнүн потенциалын өнүктүрүү, өлкө аймагында эл аралык коргоого алуунун жол-жобосуна эффективдүү жеткиликтүүлүктү камсыздоо, мажбурлап кайтаруу учурларын кыскартуу жана болтурбоо максатын көздөйт.

“Көптөгөн муктаждыктар менен өлкөгө келип жаткан адамдар менен иштешип жаткан фактыны эсепке алуу өтө маанилүү. Аралаш миграция өңүтүнөн алганда муктаждарды коргоо маселелери боюнча мамлекеттик агенттиктердин өкүлдөрү ортосунда ачык талкууларга күбө болуп жатканыма кубанычтамын”, - деп белгиледи БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара айым.

Тренингдин катышуучулары качкындарды аралаш миграция шарттарында коргоонун укуктук аспаптарын, түрдүү субъекттердин ролдорун жана милдеттенмелерин, качкындарды өз убагында коргоо канчалык маанилүү болгонун, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоо зарылчылыгын талкуулашууда.

Тренингдин жүрүшүндө атайын иштелип чыккан окуу китебинин бет ачары болду. Бул окуу китеби аралаш миграциялык агымдардын алкагында качкындардын укуктары жаатында кызмат адамдарын окутууга жана квалификациясын жогорулатууга багытталган.