БУУнун Качкындар агенттиги ТИКА менен биргеликте тынчтыкты бекемдөө долбоорун улантып, качкындардын жашоо-тиричилигин оңдоодо

UNCT-KG-UNHCR-TIKA

2016-жылдын 22-декабры, Бишкек – Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы (ТИКА) Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) тынчтыкты бекемдөө долбоорун улантып, Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов жана Караташ айылдарын сугат суусу менен камсыз кылуу максатында сугат каналын курууга макулдугун берди. Буга чейин эки айылдын тургундары суу талашып, жаңжалдашып келишкен. Жалпы баасы 62 миң АКШ долларынга бааланган сугат каналы эки айылдын тургундарын суу менен эле камсыз кылбастан, мындан ары аларга тынчтыкта жана ынтымакта жашоого шарт түзөт.  

“Бул чакан инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга киришкен ТИКАга абдан ыраазыбыз. Буга чейин көптөгөн жамааттарда оң өзгөрүүлөрдү жараткан биздин тынчтыкты бекемдөө методологиябыз бул долбоорду ишке ашырууда колдоно турганы бизди кубандырат”, деди Маки Шинохара, БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси. “Тынчтыкты бекемдөө долбоорубуз аяктагандан кийин, айрым жергиликтүү жамааттардагы конфликттерди жоюуга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү жана кайрадан ишке ашыруу максатында БУУ КЖКБ өнүктүрүү агенттиктери менен иштей баштады. Келечекте өнүктүрүүгө жана чыңалууларды жоюуга багытталган мындай долбоорлор башка жергиликтүү жамааттарда уланат деп үмүттөнөбүз”.

2014-2015 жылдары БУУнун Тынчтыкты бекемдөө фондунун алкагында БУУ КЖКБ Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарында “Элдин, жаматтардын жана бийликтин ортосундагы ишенимди арттыруу” аттуу тынчтыкты бекемдөөгө багытталган долбоорду ишке ашырган. Долбоор суу, жайыт тартыштыгы жана башка инфраструктуралык көйгөйлөрдөн улам жаралган чыңалуулар байкалган 27 жергиликтүү жамааттарда ишке ашырылган. БУУ КЖКБ жалпы жонунан 107 чакан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, чегарага жайкын жайгашкан жамааттардагы жер менчиги же тоо-кен казуудан жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу 200дөн ашуун  укуктук кеп-кеңеш берген.

Ошондой эле ТИКА Кыргыз Республикасындагы качкындардын жашоо-тиричилигин оңдоого багытталган БУУ КЖКБнын аракеттерин колдоп келүүдө. БУУ КЖКБ, ТИКА менен өнөктөштүктө, “Халал Баракат” аттуу бизнес долбооруна бириккен качкындардын алты үй-бүлөсүнө 120 кой жана 60 эчки алып берди. Бул долбоор бир гана качкындардын жашоо-тиричилигин оңдоого, алардын жергиликтүү коомчулукка интеграцияланышына шарт түзүү менен чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү рыноктун өнүгүшүнө жана кыргыз жарандарын иш орундары менен камсыз кылууга багытталган.

“Кой менен эчкилерди сатуу кирешелүү бизнес болуп саналат, бирок бул зор чыдамкайлыкты жана тынбай иштөөнү талап кылат. Ушул кезге чейин баардыгы жакшы болуп жатат. Жакынкы аралыкта койлорду сата баштайбыз. Бул долбоорду ишке ашырууга жардам беришкен ТИКА жана БУУ КЖКБга ыраазыбыз”, деди топтун мүчөсү Мохаммад Орфан Карими.

Качкындар жашоо-тиричилигин оңдоп, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө аз да болсо өз салымын кошот деген ойдо өнүктүрүү агенттиктери менен биргеликте БУУ КЖКБ бир нече чакан бизнес долбоорлорун ишке ашырууда.

****

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргыз Республикасындагы качкындарга, башпаанек сурагандарга жана жарандыгы жок адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүү иш-аракеттерин жүргүзөт жана координациялайт. БУУ КЖКБ кыргыз өкмөтүнө адилеттүү жана натыйжалуу башпаанек системасын негиздөөгө, жарансыздыкты жоюуга жана болтурбоого жардам берет. БУУ КЖКБ Ош жана Жалал-Абад областарында 2010-жылдагы окуялардан жабыркаган адамдарга жардам берип, тынчтыкты бекемдөө долбоорун ишке ашырган.