БУУ КЖКБ Нарындын 89 жаштагы тургунуна биринчи жолу паспорт алууга жардам берди

UNCT-KG-UNHCR-Passport

БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн Нарын облусунун Кочкор районунун 15 тургунуна жаңы паспортторду тапшырышты.

Өмүрүндө биринчи жолу паспорт алып жаткан 89 жаштагы Асира Турсуналиева эми пенсия алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна жетине албай кубанып турат. Асира Турсуналиеванын небереси паспорт алуунун жол-жоболору тууралуу маалыматтар менен таанышып чыгып, мобилдүү топтун өкүлдөрүнө жардам сурап кайрылган. Алар болсо өз кезегинде паспорт алуунун укуктук жол-жоболорунан өтүүгө жардам беришкен.

“Менин маселем мынчалык аз убакыт ичинде эле чечилип калат деп күткөн эмесмин. Чындыгында мага паспорт деле керек эмес болчу, бирок бул небереме жана анын балдарына мен тууралуу элести калтырат да”, - деп айтты Асира Турсуналиева.

“Бул паспорттор жөн эле кагаз эмес. Бул паспорттор сизге Кыргыз Республикасынын жараны катары өз укуктарыңызды колдонууга жардам берет. Эми сиз никеңизди каттап, балдарыңызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берип, пенсияңызды жол-жоболоштуруп, медициналык камсыздандырууга ээ болосуз”, - деп белгиледи өлкөнүн жаңы жарандарын куттуктоо сөзүндө БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шнохара.

2014-жылы БУУ КЖКБ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы биргелешкен аракеттер менен өлкөдөгү жарансыздыкты каттоо жана кыскартуу боюнча программаны баштаган. Программанын алкагында 68 көп функционалдуу мобилдүү топтор түзүлгөн. Бул топторго паспорт столдорунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана юристтер кирген. Мобилдүү топтор Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш алып барышты. Алар жарандыгы жана документтери болбогон адамдарды каттоого жана документтерди чогултууга жардам беришти.  Советтик үлгүдөгү паспорттун ээлери, колдонуу мөөнөтү бүткөн паспортту көтөрүп жүргөн чет өлкөлүктөр, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болбогон адамдар долбоордун максаттуу тобуна киришти.  Бүгүнкү күндө жарандыгы жок, же жарансыздык тобокелдигине кабылган 11 100 адам аныкталса, алардын ичинен 8 миңден ашыгы документ, же жарандык алышты.

Бул иштердин жүрүшүндө документтерди колдонууда жана жарандык абалды каттоо актыларында аныкталган укуктук жана административдик кенемтелер тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүдө. БУУ КЖКБ жарансыздыкты кыскартууга гана эмес, ошондой эле келечекте жарансыздыкты болтурбоого багытталган практикалык жана укуктук маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү иштерин улантууда.