БУУ КЖКБ жана анын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Качкындардын статусу тууралуу Конвенцияга кошулуусунун 20 жылдыгын белгилешти

UNCT-KG-UNHCR-20Ann

БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын 1951-жылдагы качкындардын статусуна тиешелүү Конвенцияга жана 1967-жылдагы Протоколго кошулуусунун 20 жылдык мааракесин белгилөө үчүн өзөктүк өнөктөштөрдүн катышуусу менен эксперттик талкуу уюштурду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Адилет” Укуктук клиникасынын мурдагы жетекчиси Чолпон Жакупова айым жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев Кыргызстандын Эл аралык университетинин студенттерине жана окутуучуларына качкындарды эл аралык коргоого алуу тууралуу айтып беришип, бул багытта өлкөнүн жетишкендиктерине байланыштуу суроолорго жооп беришти.

БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара айым Кыргызстан менен 20 жылдык өнөктөштүктүн тарыхы тууралуу кыскача маалымат берип, башпаанек берүүнүн улуттук системасын түзүүдө өлкөнүн прогрессивдүү жетишкендиктерин баса белгиледи.

“Качкындардын эл аралык укук системасын колдоо үчүн зордук-зомбулуктан качууга мажбур болгон адамдарга карата боорукердик сезими болушу керек. Адамзатынын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон белгилүү инсандардын көбү, алардын ичинде Эйнштейн, Мухаммад Пайгамбар, Иисус Христос качкын болушкан”, - деп айтты Чолпон Жакупова айым.

“Ушул тапта дүйнө аралаш миграцияга байланышкан белгилүү бир көйгөйлөргө туш болду. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы улуттук коопсуздукту эсепке алуу менен, качкындарга эл аралык коргоону камсыздоо үчүн БУУ КЖКБ менен кызматташууну улантууга даяр”, - деп белгиледи Алмаз Асанбаев мырза.

Студенттер качкындарга көрсөтүлгөн жардамдан баштап, эл аралык укуктун нормаларын бузган мамлекеттерге карата киргизилген санкцияларга чейин суроо узатышты. Талкуунун катышуучулары студенттерди жакшы окуп, башкаларга кам көргөн гумандуу коомду түптөөгө көмөктөшүүгө чакырышты.

КЖКБ Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында 1995-жылы тажик качкындар менен иш алып барууда өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн ачылган. Соңку 20 жылда БУУ КЖКБ Өкүлчүлүгү өкмөт менен тыгыз кызматташып, башпаанек берүүнүн адилеттүү системасын орнотууга жана кошуна өлкөлөрдөн качкындардын агымы менен иш алып барууга көмөктөшүп, ошондой эле 2010-жылдагы калабада жабыркаган адамдардын интеграциясына жана элдешүүсүнө жардам берип келатат. БУУ КЖКБ качкындарга, жарандыгы жок адамдарга, өлкө ичинде көчүп жүргөн адамдарга жардам көрсөтүүгө 62 миллион доллардан ашык каражат берди.