Кыргызстандагы ПРООН улуттук өнөктөштөр менен “Демократиялык башкаруу” программалык багыты боюнча иштин жыйынтыктарын талкуулады

 Photo from the meeting

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүгүү программасы (ПРООН) улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен жылдык координациялык жолугушууну өткөрдү. Экинчи ирет өтүп жаткан бул жолугушууда 2015-жыл үчүн “Демократиялык башкаруу” программасынын негизги жыйынтыктары талкууланды. Ошондой Кыргызстан үчүн ПРООНдун 2011-жылдын 9-августунда кабыл алынган Өлкөлүк программалык документин (2012-2017-жылдар) ишке ашыруу жана өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын эсепке алуу менен 2016-жылы жасалчу иштин багыттары талкууланды.

Мындай жолугушууларды өткөрүү өнөктөштүк мамилелердин координациясынын деңгээлин жогорулатууга, иш жүзүндөгү жыйынтыктарга жетүүдө биргелешкен иштердин мүмкүн болушунча багытын, эффективдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздоого жол ачат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жети долбоор боюнча өзөктүк жыйынтыктар берилди. Алар шайлоо процессин өркүндөтүүгө, мамлекеттик башкаруу системасында реформаларды илгерилетүүгө көмөктөшүүгө, укуктардын үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө, адам укуктарын коргоого жана сот акыйкаттыгына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча, миллиондон ашуун адам окуулар жана ММК аркылуу өз укуктары тууралуу маалыматка ээ болушту. Гранттык колдоо менен жалпысынан 6 миллион 300 миң АКШ долларына жабдуу сатып алынып, өткөрүлүп берилди. Ошондой эле мыйзамдарды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууда эксперттик колдоо көрсөтүлдү.

Өз билдирүүсүндө ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесов “Кыргызстан аймактагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн үлгүсү болуп эсептелет. Өлкөдө демократия ырааттуу өнүгүп жатканын өткөн жылкы парламенттик шайлоо тастыктап турат. Биз мындан ары да ачык жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтө бермекчибиз”, - деп билдирди. Өз кезегинде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев буларды белгиледи: “ПРООН менен кызматташтыктын алкагында МКК үчүн 12 миңден ашуун компьютердик техника сатып алынды, Мамлекеттик каттоо кызматынын 6400 оператору үчүн каскаддык тренингдер өткөрүлдү. ПРООНдун техникалык колдоосу менен парламенттик шайлоо ийгиликтүү өтүп, буга чейин орун алып келген көпчүлүк укук бузууларга жол берилген жок”.

“Биз Өкмөттүн көптөгөн демилгелерин ишке ашырууда ПРООН менен көп жылдан бери үзүлбөй келе жаткан кызматташтыкты жогору баалайбыз. ПРООН мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө жумуштарды жигердүү аткарууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү өркүндөтүүгө багытталган иштер активдүү жасалууда”, - деп айтты КР Өкмөттүк аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев. Долбоордун адистеринин баамында, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын ишиндеги маанилүү багыттардын бири – алыскы айылдардын жашоочуларын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо, аларга маалымат жеткирүү, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу маселелерине окутуу. Мындан тышкары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгү жаатында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг уюштуруу зарыл.

Сот реформасы жаатында кызматташтык боюнча маселелердин блогуна токтоло турган болсок, ПРООНдун Укук үстөмдүүлүгү боюнча долбоору Координациялык кеңешти жана негизги мыйзам долбоорлорунун пакети үчүн ишке ашырылчу пландарды даярдоо боюнча атайын Катчылыкты түзүүдө КР Өкмөтүнө консультациялык колдоо көрсөттү. Бул мыйзам долбоорлорун ишке ашыруунун алдын ала планы даярдалды. Ал план ким жана эмне үчүн жооп берээрин, кандай чаралар көрүлүш керектигин, ар бир этабында бул канчага тураарын так аныктайт”.

Мындан тышкары, бул жылы КР Жогорку Сотуна караштуу Конституциялык палатанын ишине колдоо көрсөтүү боюнча ПРООН менен Европа биримдигинин биргелешкен долбоору өз ишин жыйынтыктады. “Долбоор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен бир катар билим берүүчү иш-чараларды өткөрүүдө чоң колдоо көрсөттү. Мындан тышкары башка өлкөлөрдөгү Конституциялык соттордун алдыңкы тажрыйбасын үйрөттү жана Конституциялык палатанын стратегиялык документтерин иштеп чыгууга көмөктөштү. Бул документтер: Жылдык доклад, 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилге Өнүгүү стратегиясы, Сот системасынын программалык бюджети. Бул документтердин баары калктын кеңири чөйрөсү үчүн Конституциялык палатанын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган”, - деп айтты КР Конституциялык палатасынын сот-катчысы Чинара Айдарбекова.

Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча программалык багыттын иши тууралуу Социалдык борбордун жетекчиси Владимир Ганжела буларды белгиледи: “Ушул жылдын ичинде ПРООНдун долбоорунун алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын бардык категориялары үчүн сот имараттарына кирүүсүн жеңилдетүүгө багытталган иштер жасалды. Биздин ПРООНдогу өнөктөштөрүбүз майыптуулугу бар адамдарга жеткиликтүү чөйрөнү, жетимдүү укуктук жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча ишин улантууну пландап жатканы кубандырат”.

“Коомдун аярлуу катмарларынын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мектептен баштап эле коомду укуктук жактан агартуу Юстиция министрлигинин негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет, - деп белгиледи КР Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда боюнча Башкармалыгынын жетекчиси Айбек Чотонов. – Укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштердин натыйжасында ар бир инсан же жамаат күчтүү, сабаттуу болуп, өз укуктары жөнүндө билимге, көндүмдөргө ээ болуп, укуктарын ишке ашыруунун жана коргоонун механизмдеринен кабардар болуп, аларды кантип колдоно алаарын билиши керек. Бул багытта биз ПРООНдун долбоору менен тыгыз иштешип келе жатабыз. Бул комплекстүү иш болгондуктан, башка министрликтер да алдыга койгон максаттарыбызга жетүүдө биз менен кызматташат деп ишенебиз”.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн лидерлери туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун саммити учурунда кабыл алынган туруктуу өнүгүү жаатындагы 17 максат менен таанышып чыгышты. Аталган саммит 2015-жылдын 24-25-сентябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн. Глобалдык деңгээлде БУУнун Өнүгүү программасы алдыдагы 15 жыл ичинде өнүгүүнүн жаңы күн тартибин ишке ашырууда өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүп турат. Ал максаттар: жакырчылыкты, теңсиздикти кыскартуу, климаттын өзгөрүүсүнүн жана айлана-чөйрөнүн деградациясынын кесепеттерин жоюу, саламаттык сактоого жана билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, туруктуу институттарды жана өнөктөштүктү түптөө, өнүгүүнүн жыйынтыктарынын туруктуулугун арттыруу ж.б.

ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесовдун айтымында, БУУга мүчө мамлекеттер кабыл алган 17 максаттардын 169 бөлүкчөсү, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн 600дөн ашуун индикатор бар. Бүгүнкү күндө бул максаттарды улутташтыруу процесси интенсивдүү жүрүп жатат.

Бул жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин, Өкмөттүк аппараттын, сот корпусунун, БШКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, ошондой эле түрдүү министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык жана эксперттик коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.