ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Сарыбаева Мээрим мультидисциплинардык командалар менен жолукту

UNCT-KG-UNAIDS-Osh

МДК кабинеттерин кыдырган маалда Сарыбаева Мээрим команда мүчөлөрү менен жолугушуп, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кардарлары жана жетекчилиги менен баарлашты. Өлкөлүк директор медициналык мекемелердин администрациясын ЮНЭЙДСтин жаңы ыкмасы менен тааныштырды. Ага ылайык, 2020-жылга чейин ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өз илдети тууралуу билиши үчүн ВИЧке тестирлөөнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бир кыйла кеңейтүү зарыл. Кеңири аудиторияны камтый ала турган жаңы өнөктөштөрдү тартуу бул максатка жетүү жолунда өтө маанилүү кадам болуп эсептелет.

Командалар 2013-жылы ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү үчүн түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ВИЧ илдеттүү адамдардын ичинен 500 киши жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү МДК кабинеттеринде тейленет. Мультидисциплинардык ыкманын өзү болсо ВИЧ илдетин алдын алуунун жана кардарлар арасында дарылануу ниетин пайда кылуунун эффективдүү методдорунун бири болуп эсептелет. Команданын курамы кесипкөй медициналык кызматкерлерден түзүлөт жана ВИЧ илдеттүүлөр ичинен тандалган консультанттар менен толукталат. Бул болсо калктын өзөктүк топторуна туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздап турат.

Кыргызстанда долбоорду “Аракет плюс” коомдук фонду аткарат. Фондго финансылык колдоону ВИЧ/СПИДге, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга жана вирустук гепатитке каршы туруу жаатында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам берүү программасы көрсөтүп келет. Бул программаны Орусия Федерациясынын Өкмөтү каржылайт.