Кыргызстанда БУУ-Аялдардын “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары тартууланды

UNCT-KG-UNWomen_Peace

Эл аралык Тынчтык күнү, бардык өлкөлөр жана элдер арасында тынчтыктын идеяларын бекемдөө күнү Бишкек шаарындагы “Хаят-Реженси” мейманканасында Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары боюнча конференция өттү. Ага мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, БУУ агенттиктеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоорду БУУнун Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу алдында Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар Өлкөлүк кеңсеси уюштурду.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева буларды белгиледи: “Долбоордун алкагында гендердик зомбулук, кыз ала качуу, жашы жете электер менен никеге туруу маселелери боюнча маалымат берген жакшы тренингдер өттү. Бул маселелер көп жыдардан бери актуалдуу жана парламенттеги депутат аялдардын ишинин күн тартибинде турган”.

Долбоор өзгөчө жаш кыздарды коомдук турмуштун жана экономикалык иштин бардык чөйрөлөрүнө тартуу жолу менен гендердик теңдикти илгерилетүү багытында иштеди. Бул болсо адамдык, финансылык жана жаратылыш ресурстары жетишпей жаткан коом үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөштү. Мунун баары инсандын, коомдун жана улуттун өнүгүүсү үчүн эффективдүү пайдаланылып, өнүгүүгө жана мыйзам үстөмдүгүнө көмөктөшүү максатында жасалды. Долбоор этностук тегине карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө, татыктуу жашоо үчүн көндүмдөргө ээ болууга жана канткенде жакшы жаран болуп, башка жамааттарды сыйлаш керектиги тууралуу билим берүүгө шыктандыруу менен этностор аралык жаңжалдарды болтурбоого багытталган.

“БУУ-Аялдар – бул жаштар менен иш алып барган эң эле жигердүү уюмдардын бири. Долбоор көп сандагы мектептерди, мугалимдерди жана окуучуларды камтый алганы – бул чоң жетишкендик. Эгерде бул мектептер жана окуучулар топтой алган тажрыйба мындан ары да башка мектептерде жайылса, анда бул жетишкендиктердин жемиши азыркыдан да мол болот”, - деп айтты БУУ системасынын КРдагы Туруктуу координатору Александр Аванесов.

Долбоордун жыйынтыгы боюнча, жети обустагы 60 мектепте 9-10-11-класстардын 2 миңден ашуун окуучусу “Менин коопсуз жана тынч мектебим” долбоорунун компоненттеринин алкагында позитивдүү өзгөрүүлөрдүн тең насаатчысы катары окуудан өтүштү. Алар адам укуктары, гендердик теңдик, жаңжалдуу кырдаалга кантип талдоо жасаш керектиги, жаңжалдын себептерин жоюу боюнча кандай чаралар көрүлүш керектиги тууралуу маалымат алышты. Бул иштерде алар укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташты.

“Долбоор бизге көп нерсени берди. Ал бизди зарыл, турмушта кереги тийчү көндүмдөргө үйрөтүп, көйгөйлөр бар экенин жана аларды чечиш керектигин көрсөттү”, - деп кошумчалады “Менин коопсуз жана тынч мектебим” курсунун тең насаатчысы Арген Шергазы уулу.

33 мектептеги 9-10-класстардын 3 800 окуучусу “Менин өсүп-өнүккөн чарбам” курсун жыйынтыкташты. Эми алар базар экономикасы шарттарында ийгиликтүү айыл чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн чектелүү жер ресурстарын натыйжалуу колдонууга даяр. Долбоордун окуучуларына инвестициялык колдоо катары 50% каржыланган 43 бюджеттик күнөскана курулду.

23 айыл өкмөтүнөн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун 500гө жакын өкүлү адам укуктарынын, анын ичинде диний укуктарынын негиздерин үйрөнүштү; адам укуктарын коргоо, акыйкаттыкка жана тынчтыкка жетүү маселелери боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын милдеттери тууралуу кабардар болушту; адилеттүү жана бекем тынчтыкка жетүү боюнча иш планын даярдоо үчүн өз жамааттарында жаңжалдуу кырдаалга анализ жасаганды үйрөнүштү.

“Биздин команда долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында “Менин өсүп-өнүккөн чарбам” жана “Менин коопсуз жана тынч мектебим” аттуу эки компонентке катышкан окуучулар үчүн чоң өзгөрүүлөр болгонун ишенимдүү түрдө белгилейт. Долбоорго катышуу менен бул балдардын көрөңгөсү кеңейип, коммуникациялык көндүмдөрү жакшырып, аларда ишеним пайда болду. Окуучулар өз укуктары жана гендердик теңдик тууралуу билип калышты”, - деп айтты аталган долбоорду баалоо боюнча Улуттук консультант Эльмира Керималиева.