БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси кыргызстандык укук коргоочуларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет

UNCT-KG-OHCHR-statements

Шаршемби күнү БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын (АУЖКБ) Борбор Азиядагы Аймактык кеңсеси Кыргызстандагы укук коргоочулардын иши үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кыскарып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Аны менен катар өткөн жылы укук коргоочуларга жана алардын ишмердүүлүгүнө карата мамлекеттик органдар тарабынан терс маанайдагы билдирүүлөр жана коркутуулар көбөйгөнү кооптондура турган көрүнүш болгону белгиленет.

Жакында эле эки белгилүү укук коргоочу Польшанын Варшава шаарында адам укуктары маселесине арналган ЕККУнун жыйынына катышканы үчүн диффамацияга кабылды. Бул жолугушууда сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандан качкын да болгон. Кыргыз Республикасынын Парламентинин депутаттары эки укук коргоочунун аракеттерине баа берүүнү жана аларга карата укуктук мүнөздөгү чараларды көрүүнү талап кылууга чейин барышкан. Бул инцидент расмий адамдар укук коргоочулардын ишин бир нече жолу сынга алгандан кийин болду. Бул билдирүүлөрдө алар чет элдик финансылык жардамдын аспабы катары гана сыпатталган. Ошондой эле ал жерде өлкө үчүн коркунуч жараткан саясий максаттарды көздөйт деген айыптоолор камтылган.

Мындан тышкары 2015-жылдын башынан бери укук коргоочулар өлкөнүн башка аймактарында ар кандай аракеттер үчүн бутага айланышты. Ош шаарында укук коргоочулардын кеңсеси жана үйлөрү мыйзамсыз тинтүүгө алынып, анын жүрүшүндө жашыруун мүнөздөгү материалдар конфискацияланган. Муну менен катар кийинчерээк сот бул аракеттерди мыйзамсыз деп тапкан. Жалал-Абад шаарындагы укук коргоочуларга жасалган мамиле ачык эле кастык мүнөзгө өттү. Маалыматтарга караганда, белгилүү юрист-укук коргоочуну “шаардын душманы” жана “саткын” деп аташкан, ал эми мэр аны шаардан айдап жиберерин айтып коркуткан.

АУЖКБнын Аймактык кеңсеси бул инциденттерге байланыштуу терең өкүнүчүн билдирет. Бул көрүнүштөр коомдук пикирге да олуттуу түрдө таасирин тийгизип, ошондой эле укук коргоочуларга жана алар коргоп келген баалуулуктарга каршы багытталган коомдук жана саясий билдирүүлөрдү бурмалоодо. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы өкүлү Ришард Коменда мырза «Кыргызстандын бийлиги укук коргоочулардын укуктарын, анын ичинде БУУнун укук коргоочулар тууралуу декларациясында[1]  жана Кыргызстан тарабынан 1994-жылы ратификацияланган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык документте айтылган пикирин эркин билдирүү, тынчтык чогулуштарды өткөрүү укуктарын коргоого милдеттүү» болгонун белгиледи.

Коменда мырза бийликке кайрылып, “укук коргоочулардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө, аны менен катар маскаралаган маалыматтардын басмада жарыялануусуна, аларды кемсинтүүлөргө жана коркутууларга каршы чара көрүүгө” чакырды. “2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын укук коргоочулардын ролу тууралуу Резолюциясына кол койгонун эске салуу менен, ал “Кыргызстан коомдук билдирүүлөр, саясаттар жана мыйзамдар жолу менен адам укуктарын, демократияны жана укук үстөмдүгүн илгерилетүүдө коргоону талап кылган маанилүү компоненттер катары укук коргоочулардын маанилүүлүгүн жана мыйзамдуу ролун таанышы керектигин” белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Коменда мырза Кыргызстан 2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын укук коргоочулардын ролу тууралуу Резолюциясына кол койгон аймактагы жалгыз өлкө экенин жана бул республикага пайда гана алып келерин белгиледи. Кыргызстан өлкөдө адам укуктарын илгерилетүүдө жана коргоодо укук коргоочулардын коопсуздугун жана кошкон салымынын эффективдүүлүгүн камсыздоого багытталган иш-аракеттерди уланта бериши керек”.