АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулашат

11-апрелден 15-апрелге чейин Бишкекте АКШнын Юстиция министрлигине караштуу Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча башкармалыктын Окуу департаментинин эксперттери КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрү жана оперативдик кызматкерлери менен баңгизатты көзөмөлдөө жаатындагы укук бузууларды тергөө боюнча алдыңкы тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Беш күн бою катышуучулар мындай иштерди тергөөнүн теориялык жана практикалык өңүттөрүн, ведомстволор аралык кызматташтыктын артыкчылыктарын талкуулашат.

Жаңы билимдер баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасындагы укук коргоо органдарынын ишинин майнаптуулугун арттырып, ведомстволор аралык өз ара мамилелерди бекемдейт.

DEA эксперттерин АКШнын КРдагы Элчилиги чакырып, иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКБ) долбоору аркылуу каржылаган.

БУУ БКБ КРда баңгизаттарды көзөмөлдөө системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн БУУ конвенцияларына ылайык глобалдык ресурстарды жана эл аралык тажрыйбаны колдонот.