АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бөлүм жетекчилери менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулоону улантышат

18-22-апрель күндөрү Бишкекте АКШнын Юстиция министрлигине караштуу Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча башкармалыктын Окуу департаментинин эксперттери баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы укук бузууларды тергөө боюнча окуу курстарын улантышат. Бул ирет курстарга КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын, Мамлекеттик Бажы кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм жетекчилери катышат.

Беш күн бою катышуучулар тергөөнү, тобокелдиктерди башкаруунун жана кызматкерлердин коопсуздугунун теориялык жана практикалык өңүттөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыктын артыкчылыктарын талкуулашат.

Жаңы билимдер баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасындагы укук коргоо органдарынын ишинин майнаптуулугун арттырып, ведомстволор аралык өз ара мамилелерди бекемдейт. 

DEA эксперттерин АКШнын КРдагы Элчилиги чакырып, иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКБ) долбоору аркылуу каржылаган.

БУУ БКБ КРда баңгизаттарды көзөмөлдөө системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн БУУ конвенцияларына ылайык глобалдык ресурстарды жана эл аралык тажрыйбаны колдонот.