БУУ КЖКБ Мамлекеттик каттоо кызматына жарандыгы жок адамдарды каттоо жана документтештирүү үчүн методологияны жана жабдууларды берди

UNCT-KG-UNHCR-SRS

Бүгүн БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жарансыздыкты кыскартуу боюнча жеринде иштерди улантуу үчүн баасы 875 миң сомдон ашык методологияны жана маалыматтык-техникалык жабдууну өткөрүп берди.

БУУ КЖКБ жарандыгы жана документтери жок адамдарды каттоо жана документтештирүү боюнча колдонмонун 300дөн ашуун нускасын берди. Бул колдонмо БУУ КЖКБ менен Мамлекеттик каттоо кызматынын биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Ошондой эле жеринде иштерди улантуу үчүн 24 ноутбук, 28 көп функционалдуу түзүлүштөрдү (принтер, сканер жана көчүрмө аппараттар) жана 28 санарип фотоаппаратты тапшырды.

“Биз Кыргыз Республикасынын документи жок жарандарын аныктоо жана аларды документтер менен камсыздоо максатында өлкө боюнча алыскы айылдарды камтуу иштеринде Мамлекеттик каттоо кызматына көрсөткөн көмөгү үчүн БУУ КЖКБга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мамлекеттик каттоо кызматы жарансыздык тобокелдигине кабылган адамдарга жардам берүү иштерин уланта берет”, - деп айтты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев.

“Жарансыздыкты аныктоо жана документтештирүү боюнча методологияны Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу иштеп чыккан элек. Эми ошону МКК аймактык бөлүмдөрүнө колдонууну сунуштаганына кубанычтабыз”, - деп белгиледи БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара айым. “Бүгүн тапшырып жаткан маалыматтык-техникалык жабдуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өзгөчө алыскы аймактардагы потенциалын күчөтөт деп ишенебиз”.

БУУ КЖКБ жана МКК 2014-жылы Кыргыз Республикасында жарансыздыкты аныктоо жана кыскартуу боюнча биргелешкен өнөктүктү баштаган. 68 мобилдүү көп функционалдуу топтор түзүлүп, атайын окуудан өткөн. Бул топтордун курамына паспорттук столдун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын юристтери кирген. Алар Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында жарандыгы жок адамдарга документтерди беришкен. Мобилдүү топтор советтик үлгүдөгү паспорттун ээлерине, паспортунун мөөнөтү бүтүп калган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок адамдарга документ, же жарандык алууга жардам көрсөтүп, юридикалык кеп-кеңештерди беришкен.

Эки жыл ичинде мобилдүү топтор жарандыгы жок 11 миңден ашуун кишини каттап, алардын ичинен 8,7 миңге жакыны зарыл болгон документтерди же жарандыкты алышкан. Бул иштердин жүрүшүндө документтерди колдонууда жана жарандык абалды каттоо актыларында аныкталган укуктук жана административдик кенемтелер тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүдө. БУУ КЖКБ административдик жана мыйзам чыгаруу жол-жоболорун өркүндөтүү аркылуу жарансыздыктын татаал учурларын чечүүдө, ошондой эле келечекте жарансыздыкты болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү иштерин улантууда.