Дүйнөнү сурдокотормо менен угуу

UNCT-KG-UNDP-Sign lang_eng

2016-жылдын август айынан баштап Коомдук телерадиокомпаниянын каналында кечки жаңылыктар сурдокотормо менен коштоло баштайт.

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн КТРК менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

“Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жакшы укпаган адамдар бирден кем эмес республикалык телекөрсөтүү каналдарында сурдокотормо менен (жаңсоо тилинде) маалымат алууга укуктуу.

Ушул тапта республикалык каналдардын бири да кулагы укпаган адамдарга маалыматты алар үчүн жеткиликтүү форматта, анын ичинде жаңсоо тилинде жеткирбейт.

Буга байланыштуу ПРООНдун “КРда сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү” долбоору жаңылыктар блогуна сурдокотормону киргизүүдө КТРКга колдоо көрсөтүүдө.

Сурдокотормону киргизүүнүн негизги максаты – майыптуулугу бар адамдар үчүн, аны менен катар жакшы укпаган адамдарга өлкөдөгү күнүмдүк окуялар тууралуу маалыматты жеткиликтүү форматта – жаңсоо тилинде алып турууга шарт түзүү.

Мындан тышкары коомдук каналда сурдокотормону колдонуунун өзү мамлекеттин кактын аярлуу катмарларын колдоого болгон аракетин тастыктап турат.

Материалды ПРООНдун “КРда сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү” долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Мэри Бекешова даярдады.