Качкын балдар эки курама команданын футболчуларын оюн талаасына коштоп чыгышты

UNCT-KG-UNHCR-football

ЮНИСЕФтин “Ар бир балага үй-бүлө керек” аттуу программасынын алкагында эки качкын бала футболчуларды оюн талаасына коштоп чыгуу үчүн футбол матчына чакырылган. БУУ КЖКБ менен кызматташтыкта аталган программа үй-бүлөлөрдүн биримдигин жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга көмөктөшүп келет.

Качкын балдар Зам-Зам Руслан жана Акдас Абдул Латиф өздөрү курактуу башка балдар менен чогуу ЮНИСЕФтин футболкаларын кийип алышып, футболчулардын колдорун кармап оюн талаасына чыгышты.

6-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана Ливан курама командалары ортосунда жолдоштук матч өттү.

“Мен биринчи жолу футбол матчына келдим жана оюн талаасына чыныгы футболчулар менен чыкканыма жетине албай кубанып турам. Бул мага абдан жакты. Келечекте футболчу болууну кыялданам. Мен абдан толкундандым жана футболчунун колун кармап алып оюн талаасына чыгып баратканда жүрөгүм дүкүлдөп согуп турду. Бул окуя мага чоң дем берди”, - деп бөлүштү сириялык качкындын уулу, 9 жаштагы Руслан.

“Бул чындыгында эле биз үчүн таасирдүү окуя болду. Биз биринчи жолу стадиондо чыныгы футбол матчына келдик. Уулум Акдаска көптөн бери эле футбол клубуна жазылып алууну сунуштап келаткам. Эми бул окуя аны шыктандырып, өзү эле клубга кирип, футбол ойногонду үйрөнгүсү келип калды. Балам футболчулардын катарында талаага чыгып баратканын көрүп, абдан сыймыктанып турдум. Мен көрсөтүп келаткан жардамы жана биздин интеграциябызга көмөктөшкөн ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатканы үчүн БУУ КЖКБга терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”, - деп айтты ооганстандык качкын Абдул Латиф Абдул Хашим.


ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен кызматташтыкта майып балдарга, балдар үйүндө жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдө өскөн балдарга арналган бир катар тематикалык футбол матчтарын өткөрдү. Бул жолу оюн “үй-бүлөдөгү биримдикке” арналды.