Кыргызстандык фермер-жол баштоочу киноанын “толкунун кармады”

UNCT-KG-FAO-Qinoa©ФАО/Вячеслав Оселедко

Протеинге бай киноа дүйнөдө популярдуу продукт болуп жаткан чакта кыргыз айылындагы фермер өз эмгегинин үзүрүн көрө баштады.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жашаган Азамат Касеев ушул айдын башында киноанын түшүмүн чогултту. Жабдуу, окуу, талаа сыноолору – мунун баарын ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) долбоорунун алкагында алды. Бул долбоор Түштүк Американын плантацияларында өскөн киноаны Кыргызстанда өстүрүү мүмкүнчүлүгүн сыноо максатын көздөйт. Ошондой эле долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн киноаны тамак-ашка колдонууну жайылтуу менен алектенет.

2013-жылы Латын Америкасында ачык тендердин жүрүшүндө сатып алынган киноанын уругу Кыргызстандын жети облусундагы фермерлер арасында бөлүштүрүлгөн. Пилоттук участоктор сугарылуучу зонада да, кайрак жерлерде да, өрөөндөрдө жана бийик тоолуу аймактарда да, түрдүү климаттык шарттарда жайгашкан. Бардык фермерлер киноаны өстүрүүнү үйрөнүү боюнча окууларга катышкан.

Бүгүнкү күндө Касеев – Кыргызстанда киноаны ийгиликтүү өстүрүп келе жаткан жалгыз фермер. Ал жылдан жылга киноа өстүргөн аянтты кеңейтүүдө. Бул жылы ал киноаны дээрлик бир гектар жерге өстүрдү.

Киноа – Борбор Азия үчүн жаңы өсүмдүк. Ал бир кыйла айырмалуу шарттарда өсөт.

“Күндүзгү жана түнкү температуралар ортосунда чоң айырма бар, - деп айтты Касеев. –Мындан тышкары кургак климат менен деңиз деңгээлинен бийиктиктеги климат ортосунда да айырма чоң. 2016-жыл жаан-чачынга бай болду. Ошондуктан киноа өсүмдүктөрү бул жылы анчалык бийик болгон жок жана былтыркы жылга салыштырмалуу түшүмү да азыраак болот”.

ФАО долбоорунун алкагында киноанын түрдүү сорттору сыналды. Касеев анын талаасында Боливиядан келген “Титикака” жана “Регалона” сорттору эң эффективдүү болгонун кошумчалады.

Киноага суроо-талап өсүп жатат. Буга ФАОнун Кыргызстандагы кеңсеси өткөргөн маалымат өнөктүгү чоң салым кошту. Касеев “Фрунзе” супермаркетинен жана бир нече бишкектик ресторандардан ири көлөмдө буюртма алганын, бул кардарлар киноаны чоң көлөмдө ишенимдүү жеткирип берүүчүнү издеп жатышканын айтты. Киноаны өстүрүүгө кызыкдар фермерлерден да суроо-талаптар көп түшүп жаткан экен.

“Кийинки жылы 60 гектар жерге киноа өстүрүүнү пландап жатам”, - деген Касеев билими жана топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Бул жылдын башында Касеев Грузиядагы фермерлер үчүн киноаны өстүрүү боюнча тренинг өткөргөн.

Кийинки аптада бишкектик кафелердин биринде кыргызстандык фермер кесиптештери, супермаркеттердин, ресторандардын менеджерлери жана кеңири коомчулук үчүн киноанын даамын таттыруу боюнча иш-чара өткөрөт.