Кыргызстанда жаңы балык питомниги жана аквамаданият үчүн тоют өндүрүү цехи ачылды

UNCT-KG-FAO-Fish@FAO/Sergey Kozmin

Өткөн аптада Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жаңы балык питомниги жана балыктар үчүн тоют өндүрүү боюнча цех ачылды. Бул Советтер Союзу урагандан кийинки аквамаданият жаатындагы инфраструктуралык колдоонун алгачкы мисалы.

Объекттер БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба боюнча уюму (БУУ ФАО) “Кыргыз Республикасында аквамаданиятты жана балыкчылыкты туруктуу өнүктүрүү жолунда” долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ачылды. Долбоордун иши 2017-жылы да уланат.

Финляндия Кыргызстандын ички сууларында балыкчылыкты жана аквамаданиятты калыбына келтирүүгө, балык өндүрүшүн көбөйтүүгө жана экосистеманы туруктуу башкарууну илгерилетүүгө 2,22 миллион АКШ долларын бөлдү.

Совет маалында балыкчылык Кыргызстандын айыл чарбасындагы өзгөчө өнүккөн жана кирешелүү тармактарынын бири болчу. Жыл сайын көлмө чарбачылыгында балык өндүрүшү бир жарым миң тоннаны түзчү.

1991-жылдан баштап тармакты колдоого мамлекеттик каржылоо токтоп, өндүрүштүн көлөмү бир кыйла төмөндөп кеткен. 2006-жылы балык чарбалыгынын 90 пайыздан ашыгы менчиктештирилип, өндүрүштүн көлөмү жылына 71 тоннага чейин түшүп калган.

“Дүйнөдө жыл сайын бир адам 15 килограммага жакын балык жейт”, - деп айтты Ысык-Көл облусундагы цехтин ачылыш салтанатында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев. “Кыргызстанда балыкты керектөөнүн деңгээли өтө төмөн – жыл сайын калк башына бир килограммдан азыраак туура келет. Ошентсе да биз өлкөдө аквамаданияттын жана балыкчылыктын өнүгүүсүн көбүрөөк колдошубуз керек”.

Суу ресурстарына бай келген Кыргызстан балыкчылык жана аквамаданият боюнча потенциалы жогору өлкө катары бааланат. 1 923 көлдүн жалпы аянты 6 800 чарчы метрди, ал эми 59 суу сактагычтын аянты 47 311 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары өлкөдө булактардан жана эриген мөңгүлөрдүн эсебинен толгон 30 миңден ашуун дарыя бар.

Бул ФАО долбоорунун экинчи фазасы. Долбоор Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында 10 балыкчылар ассоциациясынын түзүлүүсүнө көмөк көрсөттү. Балыкчылар, Балык чарбачылыгы боюнча мамлекеттик департаменттин жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери үчүн жогорку сапаттагы техникалык тренингдер жеке балык чарбачылыгынын түзүлүшүнө көмөктөштү. 2010 жана 2015-жылдар ортосундагы мезгилде карп жана форель өндүрүү боюнча балык чарбачылыгынын саны 53төн 267ге чейин өстү. Ал эми балык өндүрүшү дээрлик үч эсе (345 тоннадан 1 100 тоннага чейин) өстү.

Ушул кезге чейин жергиликтүү балык питомниктеринин жана жергиликтүү материалдардан балык үчүн тоют өндүрүшүнүн жоктугу бул өсүштү кармап келген. Фермерлер балык үчүн тоютту чет өлкөдөн сатып алчу. Бул болсо өндүрүштүк коромжуларды көбөйтүп, Кыргызстанда балык керектөөнү жайылтуу боюнча аракеттерге бут тосуп келген.

Жылдын соңуна чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында дагы үч инкубациялык цех жана карп, форель өндүрүшү үчүн тоют чыгарган эки цех ишке берилет.

Балыкчылар ассоциациялары жана жергиликтүү бийлик органдары жаңы объекттерди куруу процессинде долбоор менен тыгыз кызматташты. ФАО долбоору болсо техникалык экспертиза, жабдууларды жана курулуш материалдарын берди. Ошондой эле долбоор Кыргыз улуттук агрардык университетинде балыкчылык боюнча окуу курсун өркүндөтүүнү да колдоп, бул тармактагы саясат жана кадрларды даярдоо маселелери боюнча консультацияларды өткөрүп келүүдө.