КР Улуттук статистика комитети жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы азык-түлүк коопсуздук жаатындагы статистиканы жакшыртуу үчүн аракеттерин бириктиришти

КР Улуттук статистика комитети (УСК) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы анализди жана статистиканы жакшыртуу үчүн өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту.

“Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун күчөтүү үчүн статистикалык маалыматтын сапатын, өз убагында чыгышын, жеткиликтүүлүгүн жана эффективдүү колдонулушун жакшыртуу канчалык маанилүү жана зарыл болгонун түшүнүп турат. Биз азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактанууга анализ жасоодо олуттуу тажрыйбасы бар БУУ ДАП өңдүү баалуу өнөктөшкө ээ болгонубуз үчүн абдан кубанычтабыз”, - деп белгиледи Меморандумга кол коюлуп жаткан учурда КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов.

“КР Улуттук статком менен БУУ ДАПтын өнөктөштүгү Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугуна анализ жасоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, статистикалык маалыматтардын сапатын арттырат. Бул болсо тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн тамактануудагы, азык-түлүк коопсуздугундагы, жакырчылыктын деңгээлиндеги жана башка социалдык-экономикалык индикаторлордогу өзгөрүүлөргө өз убагында жана эффективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл”, - деп белгиледи КРдагы БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Рам Сараванамутту.

Анализ жасоо жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу үчүн заманбап маалыматтык технологияларды, анын ичинде географиялык маалыматтык системаларды (ГМС) жана мобилдик байланыш технологияларын эффективдүү колдонууну илгерилетүү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет.

Бул багыттын алкагында БУУ ДАП Улуттук статистика комитетинин айыл чарба өндүрүшү, калк, жакырчылык, билим берүү, коомдун саламаттыгы, тамактануу жана азык-түлүк товарларын керектөө боюнча статистикалык маалыматтарын башка өнөктөштөр менен биргелешип КР Азык-түлүк коопсуздугунун жылдык Атласын даярдоо үчүн колдонот. Ошондой эле БУУ ДАП статистикалык маалыматтарга жеткиликтүүлүктү жеңилдеткен stat.kg мобилдик тиркемесин даярдоо ишине колдоо көрсөтөт.

Азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты болуп эсептелет. Бул үчүн УСК жана БУУ ДАП азык-түлүк коопсуздугу үчүн бааларга мониторинг жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ үчүн негизги азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга базар баасын чогултууга жана анализ жүргүзүүгө техникалык колдоо көрсөтөт. УСКнын маалыматтарын колдонуу менен БУУ ДАП азык-түлүк коопсуздугундагы өзгөрүүлөргө өз убагында реакция жасоо жана маалымдоо үчүн баалардын өсүшү үй кожолуктарына кандай таасирин тийгизерине анализ жасайт.

КР УСК жана БУУ ДАП азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу үчүн биргелешип иш алып баруу тууралуу да макулдашты.