Кыргызстанда онлайн режиминде жаштардын пикирин чогултуучу аспап ишке берилди

UNCT-KG-UNICEF_MReport©UNICEF/Kyrgyzstan/2016/Sven Gunnar Simonsen

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (КР УСИИ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча, БУУнун Кыргызстандагы Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу алдында жаштардын пикирин чогултуу үчүн “M-Report” аспабы ишке берилди.

Жаштар О! жана MegaCom мобилдик операторлорунун номурунан СМС-билдирүү аркылуу бир катар сунушталган суроолор боюнча өз пикирлерин билдире алышат. Жооптор сайтта топтолуп, онлайн-режиминде графика түрүндө берилет. Пикирлер жаштар арасында өзгөчө маанилүү темалар боюнча айына 2 жолу чогултулуп турат.

Сурамжылоо үчүн суроолорду УСИИ түзөт жана алар этикалык комитеттин бекитүүсүнөн өтөт. Комитеттин курамына КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Улуттук статистика комитетинин жана бир катар бейөкмөт жаштар уюмдарынын өкүлдөрү кирет.

“Учурда майнаптуу чечимдерди кабыл алууда жаштардын тикелей катышуусу көп байкалбайт. “M-Report” долбоору жаштардын мобилдүүлүгүн жана жаңы идеяларды кабыл алууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт”, - деп билдирди КР УСИИ адиси Жамиля Ирсакова.

Ошондой эле www.mnenie.kg интернет аянтчасы да иштейт. Бул жерде жаштар өз өлкөсүн өзгөртүү жана жакшыртуу үчүн идеяларды түзүп, сайттын колдонуучулары менен кызыктуу дебаттарды жүргүзө алышат.

Ушул тапта шайлоо темасына сурамжылоо жүрүп жатат. Буга чейин эс алуу жана жумуштуулук темалары көтөрүлгөн. Сурамжылоого катышуу үчүн жаштар 4747 кыска номерине “Алга” деген сөздү жазып, каттоодон өтүш керек. Бардык мобилдик оператордун номеринен СМС жиберүү акысыз жана жиберген адамдын купуялуулугу сакталат.

Сурамжылоолор үчүн анкета да “M-Report” расмий сайтында жайгаштырылган. Суроолорго жооп берүү үчүн шилтемеге кириш керек. Биринчи сурамжылоо 2016-жылдын 17-октябрынан 30-октябрга чейин өткөрүлгөн.

“M-Report” жаштардын добуштарын чечим кабыл алуу процессине кошуу үчүн аларды аспаптар менен камсыздоо жана онлайн режиминде актуалдуу маалыматтарды берүү жолу менен Өкмөттүн, жарандык коомдун пландоосуна көмөктөшүү максатын көздөйт. “M-Report” программасына катышуу жаштарга өзүнүн жарандык позициясын билдирүүгө, жаштарга тиешелүү болгон бир катар маанилүү маселелер боюнча өз пикирин айтууга жардам берет.

“ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен биргеликте бул программаны дүйнөнүн 18 өлкөсүндө ишке ашырып келет. Бул өлкөлөрдө жаштардын добушу өкмөттөргө алардын бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн чечим кабыл алууга жардам берүүдө”, - деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин байланыш боюнча адиси Галина Солодунова.

Жаштарга алардын добушу жана чечим кабыл алуусу, пикирлерин башкаларга жеткирүү канчалык маанилүү болгонун түшүндүрүү максатында Кыргызстандын аймактарында “M-Report” боюнча тренингдер өткөрүлүп жатат. Буга чейин “M-Report” сурамжылоосу тууралуу JashtarCamp 2016 аттуу Жаштар апталыгында жарыяланган. Социалдык тармактарда сурамжылоону FacebookInstagramОдноклассники баракчаларынан табууга болот.

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. ЮНИСЕФ адамзатынын өнүгүүсүнүн негизги идеясы балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү болгонуна ишенет. 1946-жылы түзүлгөн БУУнун Балдар фонду жакырчылыктын, зордук-зомбулуктун, оорулардын жана дискриминациянын натыйжасында балдар туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өнөктөштөр менен иш алып барат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ишин 1994-жылы баштаган. Толук маалымат алуу үчүн: Facebook жана Twitterwww.unicef.org/kyrgyzstan