Жакшы лабораториялар – бекем ден соолук Демилгесинин алкагында сапат системасын ишке ашыруу үчүн лабораториялык менторлук

25 senior laboratory experts trained to conduct workshops in the introduction to laboratory quality management and the LQSI tool

Медициналык лабораторияларды эффективдүү жана иштиктүү бекемдөө үчүн өзөктүк усул – бул ISO 15189: 2012 сапаттын эл аралык стандартынын негизинде лабораторияларда (LQMS)  сапатты башкаруу боюнча ДСУнун окуу аспабын жайылтуу. 2014-жылы ДСУ веб-аспапты колдоно баштаган, ал лабораторияларды LQMS’ти күн сайын иш жүзүндө аткаруу аркылуу багыттап турат. LQMS – лабораторияларда сапатты этап-этабы менен жайылтуу аспабы (LQSI).

LQSI аспабын аткаруу процессинде тышкы жардамга болгон муктаждыкты азайтканына карабастан үзгүлтүксүз көзөмөлдөө чечүүчү фактор бойдон кала берүүдө. Мына ушундай ментордук сапарлар маалында көзөмөлдөөчүлөр тоскоолдуктарды жеңүү боюнча иш-аракеттер планын даярдоого, тышкы аудитти жүргүзүүгө жардам берип, тренингди камсыздашат.

Ушул маалда көзөмөлдөө иштери ДСУнун Европа регионундагы жети лабораторияда өткөрүлүп жатат. 2017-жылдын башында эки кошумча лабораторияны кошуу үчүн бул иштер кеңейе бермекчи. Төмөндө 2016-жылы болгон иштер тууралуу кыскача маалыматтар келтирилди.

·       2015-жылдын ноябрь айында көзөмөлдөөчүлөрдүн алгачкы сапарынан кийин эки көзөмөлдөөчү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Илимий-изилдөө институтундагы молекулярдык вирусология жана гендик инженерия боюнча лабораторияга кошумча үч жолу барышкан. Бул сапарлардын жүрүшүндө лабораториянын кызматкерлери топ түзүп, ал туруктуу кеңешмелерди өткөрүп турат, аныкталган 66 иштин 35и жыйынтыкталды. Мындан тышкары топ тестирлөөчү усулдар жана биологиялык коопсуздук үчүн көптөгөн стандарттык операциялык жол-жоболорду жазды. Ушул тапта топ документтерди башкаруу жана лабораториялык маалыматты башкаруу системасын киргизүү процесстерин даярдоо менен алектенип жатат.

·       Эки көзөмөлдөөчү Бишкектеги Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар Борборундагы бактериология лабораториясына жана Республикалык диагностика борборундагы клиникалык диагностика лабораторияларына үч жолу барышты. Алар лабораториялардагы сапатты этап-этабы менен киргизүү аспабы боюнча окууларды өткөрүштү. Үчүнчү жолу келгенде иш жүзүндө аткаруу үчүн кошумча сессияларды өткөрүүнү сунушташты. Натыйжада Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар Борборунун кызматкерлери 70 стандарттык операциялык жол-жоболорду, анын ичинде аналитикалык жана биокоопсуздук боюнча жол-жоболорду жазып, жабдуулар үчүн электрондук маалымат базаларын түзүп чыгышты. Борбор документтерди башкаруу системасын иштеп чыгуу процессинде турат. Борбордун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин башкы лабораториялык дарыгери башында турган улуттук деңгээлдеги бул лабораторияда сапатты башкаруу боюнча системаны киргизүү – улуттук клиникалык лабораториялык тармакта өркүндөтүүлөрдү илгерилетүү потенциалына ээ деген тыянакка келишти. Бул өркүндөтүүлөр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: тобокелдиктерди жана биологиялык коопсуздукту, сапатты башкаруу жаатында лабораториянын кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуунун улуттук курстарын иштеп чыгууну жана жайылтууну; сапатка тышкы баа берүү  боюнча улуттук программаларды даярдоону; кардарлар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурууну.

·       Эки көзөмөлдөөчү Орусиянын Новосибирск облусундагы Кольцово шаарында жайгашкан Вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик илимий-изилдөө борборунун Жаныбарлардан жугуучу оорулар жана сасык тумоо департаментине эки жолу барышты. Бул сапарлар маалында лабораториянын кызматкерлери сапатты башкаруу боюнча системада прогресске жетишүүдө ынтызарлыгын көрсөтүштү. Мында Сапат кепилдиги, Адам ресурстары, Жабдуулардын коопсуздук жана техникалык тейлөөсү өңдүү көмөкчү бөлүмдөрдүн жардамы чоң болду.

·       Көзөмөлдөөчүлөр Тажикстандын Душанбе шаарындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча улуттук лабораториясына жана Профилактикалык медицина боюнча илимий-изилдөө институтунун Вирусология лабораториясына да биринчи жолу барышты. Сапардан кийин лабораториянын кызматкерлери сапатты башкаруу боюнча системаны ишке ашырууга мурдагыдан да жакшы даярдыкта болуп, ISO 15189: 2012 стандарттарын аккредитациялоо багытында иштөөгө мотивациясы өстү. Лабораториялык баалоонун негизинде алар көзөмөлдөөчүлөрдүн кийинки сапарлары үчүн эки лабораториянын сапатын жогорулатуу планын иштеп чыгышты.

·       Көзөмөлдөөчүлөр Мальтанын Мсида шаарындагы Mater Dei ооруканасынын вирусология лабораториясына биринчи жолу барышты. Лаборатория кызматкерлеринде сапатты башкарууга мотивация пайда болуп, башка секциялар да катышууга кызыкдарлыгын билдиришти. Кызматташуу жана маалымат алмашуу жолу менен вирусология бөлүмүнө аккредитация процессинде жардам берүү үчүн атайын команда түзүлдү.

·       Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Коомдук саламаттык сактоо жана тамактануу борборунун Вирусология боюнча сурап-билүү (референц) лабораториясына болгон сапар маалында да колдоо болду.

2016-жылдагы бардык ментордук сапарлар өзүнө лабораторияларда сапатты башкаруу боюнча ДСУ системасындагы окууларды камтыды. Бул сапарларды лаборатория кызматкерлери жогору баалашты.

Мальтадагы жана Орусия Федерациясындагы сасык тумоо боюнча улуттук борборлорго  сапарларды пандемиялык сасык тумоого даярдык көрүү боюнча алкактык өнөктөштүк каржылады. Кыргызстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга сапарлар биологиялык тобокелдиктерди азайтуу максатында саламаттык сактоо лабораторияларын бекемдөө боюнча долбоордун (IFS / 2013/332312 келишими) алкагында Европа биримдигинин (Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү маселелери боюнча Европа комиссиясынын Башкы директораты) колдоосу менен ишке ашты.

 

 

 

Quality tools and training

WHO/Europe provides mentoring towards ISO 15189 accreditation

News - WHO/Europe identifies 7 mentors to help eastern and south-eastern European countries improve the quality of their laboratories

13-10-2015

News - First laboratory quality-mentoring visit conducted in Malta through the Better Labs for Better Health initiative