Кыргыз Республикасы, Орусия Федерациясы жана БУУ ДАП социалдык өнүгүү үчүн кызматташтыкты бекемдөөдө

UNCT-KG-WFP-Russia

Орусия Федерациясынын колдоосу алдында КР Өкмөтү менен БУУ ДАПтын өнөктөштүгүн кеңейтүүнүн эсебинен аярлуу кыргызстандыктарды социалдык жактан коргоо чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) кабарлашты.

Ошону менен катар мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу боюнча программа дагы долбоорго өлкө боюнча жүздөн ашуун мектепти кошуунун эсебинен кеңейтилет. Ушул тапта мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу программасына 261 пилоттук мектептен 62 000 окуучу кирген. Программа Орусия Федерациясынын Өкмөтү көрсөткөн кошумча финансылык колдоонун жардамы менен кеңейтилди. Бул аракеттерди жергиликтүү бийлик жана жеке сектор кеңири колдоп жатат. Алар мектептерде ысык тамактанууну колдоого кошумча каражат бөлүшүүдө.

Ошондой эле БУУ ДАПтын жана КР Эмгек жана социалдык өнүгүү мнистрлигинин аярлуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча биргелешкен программасы да кеңейүүдө. Программанын алкагында 10 000ден ашуун киши турмуштук оор кырдаалдан чыга алышты. Бул болсо элеттик инфраструктурасынын маанилүү объекттеринин курулушу жана ремонту боюнча акы төлөнгөн жумуштарга катышуусунун эсебинен мүмкүн болду. Бул убакыт ичинде сугат системасынын жүздөгөн километрлери жана жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери колдонууга берилип, ондогон селден коргоочу дамбалар курулуп, жолдор, көпүрөлөр, каналдар калыбына келтирилген. Учурда өнөктөштөр Орусия Федерациясынын финансылык жардамы менен өзгөчө аярлуу жана муктаж кыргызстандыктарды колдоо үчүн долбоорлордун спектрин кеңейтүүдө.

Бул жыйынтыктар тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Орусия Федерациясынын КРдагы элчиси Андрей Крутько жана БУУ ДАПтын КРдагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту билдиришти.

“Биздин БУУ ДАП менен биргелешкен ишинин натыйжасы жакырчылыкты кыскартуу жана жалпысынан улуттук өнүгүү үчүн тандалып алынган механизмдеринин эффективдүүлүгүн тастыктады, - деди эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. – Кийинки кадам айылдарды индустриализация болуп калышы керек”.

“Орусия Федерациясы тарабынан финансы колдоосу болбогондо мындай көзгө толгон жыйынтыктарга жетише алмак эмеспиз, - деп айтты БУУ Даптын КРдагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту. – Биз аярлуу кыргызстандыктардын турмуш шартын жакшыртууда Кыргыз Республикасы жана БУУ ДАП менен кызматташтык үчүн Орусия Федерациясына ыраазычылык билдиребиз.

Кийинки айлардын ичинде КР Өкмөтү жана БУУ ДАП жаңы беш жылдык масштабдуу программаны түзүүнүн үстүнөн иштешет. Бул программа социалдык коргоо жана айыл чарбаны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иш-чараларды кеңейтмекчи. Ошондой эле жаңы программа мектептеги тамактанууну жана аярлуу үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жигердүү чараларды андан ары өнүктүрүүнү камсыздайт.

“Эл аралык донор өлкө катары Орусия өз ресурстарын эл аралык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болушунча рационалдуу колдонууга умтулат. Дал ошондуктан Орусия Өкмөтү эл аралык долбоорлорду да, ал долбоорлорду ишке ашырчу өнөктөштөрдү да дыкат тандап алат, - деп белгиледи Орусия Федерациясынын элчиси Андрей Крутько. – КР Өкмөтүнүн жана БУУ ДАПтын долбоорлорунда билимди жана технологияларды колдонуу синергетикалык натыйжа берип, пилоттук райондордо мыкты жыйынтыктарды камсыздап, өлкө боюнча тажрыйбаны жайылтууга жардам берди”.

Орусия Федерациясы БУУ ДАПтын КРдагы негизги донору болуп саналат. Орусия азык-түлүк коопсуздугун, социалдык коргоону жакшыртууга жана мектептеги тамактанууну оптималдаштырууга багытталган БУУ ДАПтын программаларын колдоого жалпы жонунан 50 миллион АКШ долларын багыттады.