Министр жана парламент депутаты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого тармактар аралык ыкманы колдошту

UNCT-KG-WHO-Road-Safety111

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жол кыймылынын коопсуздугу жаатында саясатты иштеп чыгуу маселелери боюнча тармактар аралык диалогдун 55 катышуучусунун алдында сүйлөдү. Министр жол кырсыгынан өлгөндөрдүн санын азайтуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн негизги артыкчылыктардын бири болгонун билдирди. Кыргызстан ДСУнун Европа регинонунда бул көрсөткүч боюнча экинчи орунду ээлейт. 2016-жылдын 31-октябрында Бишкекте өткөн бул кеңешмени ДСУ ЕРБ жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип уюштурушту.

“Жол кырсыгын алдын алуунун илимий жактан негизделген ыкмалары бар. Бирок мындай иш-чараларды ишке ашыруу үчүн чоң саясий эрк талап кылынат”, - деп билдирди ДСУнун Өкүлү, доктор Jarno Habicht. 2020-жылга чейин жол кырсыктарынын санын эки эсе кыскартууга тиешелүү туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Максаттын 3.6-Тапшырмасы Өкмөттүн Саламаттык-2020 саясатынын принциптери менен шайкештиги тармактар аралык деңгээлде жооп чараларды мобилдештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат.

Парламент депутаты жана Социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү Альфия Самигуллина Өкмөт жол кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү маселелер боюнча комиссия түзгөнүн билдирди. Ал ошондой эле диалогдун жүрүшүндө пайда болгон сунуштарды Парламент карап чыгарын айтты. Бул сунуштар ушул тапта даярдалып жаткан жол коопсуздугу жаатындагы жаңы стратегияга кирмекчи.

Региондогу өлкөлөр жол кыймылынын коопсуздугу жаатында прогресске жетише алды. Бул үчүн ылдамдыкты көбөйтпөө, айдоочунун күбөлүктөрүн текшерүү жана машинелердин эксплуатациялоого жарактуулугун текшерүү боюнча дагы да эффективдүү чараларды көрүштү. Анткен менен Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы улуттук стратегияга жүргүзүлгөн серептин жыйынтыктары көрсөткөндөй, мас абалында машине айдоого, ылдамдыкты бузууга, мотоцикл айдагандар үчүн баш кийим кийүүгө, машинеде балдар үчүн отургучтарды орнотууга тиешелүү көптөгөн мыйзамдарды мындан дагы өркүндөтүш керек.

Кызыкдар тараптар Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы стратегияны өркүндөтүү максатында саламаттык сактоо министрине жана парламентке төмөнкүдөй чараларды көрүүнү сунушташты:

·       шаар ичинде саатына 50 км чейин жана мектептердин жанында саатына 30 км чейин гана ылдамдыкта машине айдоого уруксат берүү;

·       алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык, мас абалында машине айдоого тиешелүү дагы да так мыйзамдык ченемдерди киргизүү;

·       мотоцикл айдагандарга баш кийим кийүүгө дагы да так мыйзамдык ченемдерди киргизүү жана бул мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү камсыздоо;

·       машинеде балдар үчүн отургучтарды орнотууга, алдыңкы жана арткы отургучтарда коопсуздук курларына тиешелүү талаптарды күчөтүү;

·       бул маселелерге жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн бурдуруу максатында социалдык өнөктүктөрдү өткөрүп туруу;

·       жол инфраструктурасын жакшыртуу жана транспорт каражаттарынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жумуштарды жасоо.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында потенциалды күчөтүү боюнча семинар

Саясий диалогдун соңунда “Ден соолукту сактоо максатында зомбулукту жана жараат алууну болтурбоо үчүн окутуу, агартуу жана кызматташтыкты кеңейтүү” деген темада эки күндүк семинар өттү. Семинар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында улуттук потенциалды бекемдөөгө багытталган. Мында мас абалында машине айдоо өңдүү тобокелдик факторлоруна өзгөчө көңүл бурулат. Семинарга саламаттык сактоо, транспорт, ички иштер өңдүү түрдүү тармактардан, мэриядан жана бейөкмөт уюмдардан отуз өкүл катышты.

Саясат маселелери боюнча диалогду жана потенциалды өнүктүрүү боюнча семинарды ДСУ ЕРБ өткөрдү. Семинар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен ДСУ ортосундагы кызматташтык тууралуу эки жылдык макулдашуунун алкагында өттү. Семинар Орусия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги каржылаган жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана алар менен күрөшүү боюнча долбоордун эгидасы алдында уюштурулду.

 

 

 

TEACH-VIP 2. Ден соолукту сактоо максатында зомбулукту жана жараат алууну болтурбоо үчүн окутуу, агартуу жана кызматташтыкты кеңейтүү. Колдонуучулар үчүн окуу китеби (2016)

Дүйнөдө жол кыймылынын коопсуздугунун абалы тууралуу Европадагы фактылар жана Доклад, 2015-жыл.