KOICA жана БУУ ДАП Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн аракеттерин бириктиришти

UNCT-KG-WFP-KOICA

Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги (KOICA) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) бүгүн үч жылдык макулдашууга кол коюшту. Бул макулдашуу азык-түлүк коопсуздугун, тамактанууну жана Кыргыз Республикасынын төрт облусундагы аярлуу топко кирген 80 000ден ашуун адамдын климаттык жана экономикалык соккуларга туруктуулугун жакшыртуу максатын көздөйт. 

Макулдашуунун алкагында KOICA БУУ ДАПка 4 млн. АКШ доллары көлөмүндө грант берет. Бул грант коомдук активдерди түзүүгө же калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорду КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте иштеп чыгуу үчүн берилип жатат. Бул коомдук активдер айыл чарба өндүрүшүнө, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жана климаттык тобокелдиктерге туруштук берүүгө көмөктөшөт.

Ошондой эле грант кесиптик техникалык даярдык курстарын өткөрүүгө да багытталат. Бул курстарда адамдар киреше алып келүүчү көндүмдөргө ээ болуп, тамактануу жана санитардык-гигиеналык нормалар тууралуу билим алышат. Бул долбоорлор Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарындагы жакыр райондордо ишке ашырылат.

“KOICA менен өнөктөштүк БУУ ДАПка жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине социалдык колдоонун активдүү чараларын жаңы райондордо жүргүзүүгө жардам берет, - деп айтты БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Рам Сараванамутту. – Социалдык өнүгүүнүн кеңири белгилүү аспабына айланган долбоорлорубуз элет тургундарына мындан дагы көбүрөөк пайда алып келип, өлкө боюнча экономикалык өсүшкө дем берет”.

KOICA гранты агенттиктин “дүйнөлүк ынтымакка умтулуу аркылуу глобалдык өнүгүүгө жана өнөктөш өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү” стратегиялык максаттарына шайкеш келет. Мындан тышкары туруктуу өнүгүүнүн негизи катары азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну күчөтүү канчалык маанилүү болгонун көрсөтөт.

“Корея өкмөтү жана KOICA достук мамиледеги өлкөлөрдү азык-түлүк коопсуздугун күчөтүү, кирешелерди жана жашоонун сапатын арттыруу аркылуу элеттик райондорду туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет, - деп белгиледи Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Джонг Бёнг Ху. – Биз калктын жакыр катмарларынын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өз салымыбызды кошуу үчүн БУУ ДАП жана КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кызматташтыктын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”.

KOICA кеңсесинин башчысы Пак Сунджин жана БУУ ДАПтын директору Сараванамутту Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде кол коюшту.

“Биздин өзөктүк максатыбыз – жакыр үй кожолуктарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, - деп белгиледи эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. – Мен бул макулдашуу аярлуу топко кирген кыргызстандыктарды социалдык жактан колдоону кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Ушуну менен бирге макулдашуу азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, жакырчылыкты кыскартууга жана айылдардын экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшөт”.

2016-жылы БУУ ДАП мектептеги тамактануу жана социалдык колдоо көрсөтүү программалары аркылуу Кыргызстан боюнча 200 миңге жакын адамга жардам берүүнү пландаштырып жатат.

KOICA агенттигинин Кыргызстандагы эки тараптуу колдоосу мамлекеттик жана коомдук башкаруу, айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана билим берүү өңдүү тармактарын камтыйт. 2016-жылы агенттик “Кыргыз Республикасында шайлоо процессин башкаруу потенциалын өркүндөтүү” жана “Кыргыз Республикасында жер кадастрынын маалымат системасын түзүү” долбоорлорун улантты. Ошондой эле агенттик “Кыргыз Республикасында жеке күбөлүктөрдүн электрондук системасын түзүү” долбоору боюнча жардам көрсөтүүнү пландоодо. Мындан тышкары KOICA ыктыярчылар программаларын башкаруу менен жарандык коомдук кызматташтык менен алектенет. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылар үчүн окутуу программаларын да уланта берет.