Кыргыз Республикасында ВИЧ илдетин стабилдештирүү боюнча жаңы мамлекеттик программанын өзөктүк багыттары аныкталды

UNCT-KG_UNAIDS-Sep26

22-23-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында 2017-2020-ж.ж. ВИЧ илдетин стабилдештирүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңейтилген отуруму өттү.

Жумушчу топко Саламаттык сактоо министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана калктын өзөктүк топторун түзгөн бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери кирди. Топту саламаттык сактоо министринин орун басары Горин Олег Вячеславович жетектейт.

Биргелешкен аракеттердин арты менен болочок мамлекеттик программанын өзөктүк стратегиялык багыттары иштелип чыгып, максаттар аныкталды.

ЮНЭЙДСтин 90-90-90 деп аталган глобалдык максаттары программанын өзөгүн түзөт. Ал максаттар:

·         ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өзүнүн статусун билишет,

·         Өзүнүн ВИЧ статусун билген адамдардын 90% дарыланууда,

·         Дарыланып жаткан адамдардын 90% вирустук супрессияга жете алышты. Мунун натыйжасында алардын иммундук системасы күчтүү бойдон кала берүүдө, ал эми башкаларга жуктуруп алуу ыктымалдуулугу бир кыйла азайды.

Белгилей кетчү жагдай, мамлекеттик программага ВИЧ илдеттүүлөрдү басмырлоону жок кылган жана инфекциянын өлкө боюнча жайылуусунун жаңы учурларын бир топ кыскарткан максаттар жана тапшырмалар кирет.