Кыргызстанда ТӨМгө мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө

UNCT-KG-NSK

КМШ өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын, Жогорку Кеңештин, КР Президенттик аппаратынын, КР Өкмөттүк аппаратынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү боюнча Эл аралык конференцияга катышууда. Конференция 2016-жылдын 19-20-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жатат.

2015-жылдын сентябрь айында БУУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Башкы Ассамблеяда 2016-жылдан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) кабыл алгандан кийин башкаруу, программаларды иштеп чыгуу жана жасалып жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү үчүн статистикалык маалыматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө карата кызыгуу күчөдү. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары чыгарган өзөктүк статистикалык маалыматтар ак ниет башкаруунун маанилүү компоненттери болуп эсептелет.

Эл аралык конференция БУУнун Статистикалык комиссиясынын 47-сессиясынын резолюциясын аткаруунун алкагында өткөрүлдү. Конференциянын негизги максаты – маалымат булактарын туура колдонуу менен ишке ашыруу процессин жеңилдетүүгө жана ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшө турган стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана колдонмолорду аныктоо.

КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов буларды айтты: “Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин алдында ушул максаттардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү системасын кабыл алуу жана жайылтуу боюнча маанилүү тапшырма турат. Бул конференция потенциалды бекемдөөгө, учурдагы системада ыктымал болгон боштуктарды аныктоого жана аларды жөнгө салууга, ошондой эл БУУга мүчө мамлекеттердеги статистикалык комитеттерде иштеген кесиптештер менен өз ара маалымат алмашууга багытталган”.

Конференциянын жүрүшүндө ТӨМгө мониторинг жүргүзүү системасынын негизги багыттарын аныктоого, маалымат булактарын туура колдонууга, эл аралык өнүгүү боюнча агенттиктердин ишин эффективдүү координациялоого байланышкан практикалык маселелерди талкуулап алуу пландалып жатат.