КМШ өлкөлөрүндөгү онкологиялык регистрлерди өркүндөтүү – Кыргызстанда рак ооруларын каттоо маселелери боюнча Базалык окуу курсу өткөрүлдү. Курсту ДСУ ЕРБ жана Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттик уюштурду

UNCT-KG-WHO-323

Популяциялык онкологиялык регистрлер рак илдетинин абалын сан менен аныктоо жана онкологиялык ооруларды алдын алуу, күрөшүү боюнча улуттук программаларды баалоо үчүн зарыл. Онкологиялык регистрлерди жүргүзүү боюнча дасыккан адистер жогорку сапаттагы маалыматтарды камсыздоодо жана аларга адекваттуу анализ жүргүзүүдө, ошол маалыматтарды чечмелеп, жайылтууда маанилүү ролду ойнойт. Онкологиялык регистрлерди түзүү боюнча глобалдык демилгенин алкагында ДСУ ЕРБ жана Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттик (РИЭА) кызматташууда. Бул кызматташтык ДСУнун Европа регионунда, аны менен катар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдө рак илдетин каттоо үчүн потенциалды бекемдөө максатында ишке ашырылып жатат.

Бул ишмердүүлүктүн алкагында ДСУнун Бишкектеги өлкөлүк кеңсеси 2016-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрга чейин рак ооруларын каттоо жана CanReg5 программалык продуктусун колдонуу боюнча орус тилинде экинчи окуу курсун өткөрдү. Бул окуу курсун РИЭА менен ДСУ ЕБР биргелешип уюштурду. Окутуучулардын эл аралык тобуна РИЭАдан Ariana Znaor, РИЭАнын Измирдеги регионалдык борборунан Sultan Eser, Украина жана Орусия Федерациясынан ракты каттоо жаатындагы орус тилдүү эксперттер Антон Рыжов жана Михаил Вальков, ошондой эле Кыргызстандан өкүл, методист жана окутуучу Елена Тен кирди.

Курска Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова Республикасы жана Тажикстан өңдүү сегиз өлкөдөн 26 өкүл катышты. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү – медициналык статистика адистери жана эпидемиологдор, ошондой эле рак ооруларын күн сайын каттоо менен алектенген, же өз өлкөлөрүндө ракты каттоо ишин өнүктүрүү үчүн жооптуу болгон коомдук саламаттык сактоо боюнча адистер. Курстун программасына онкологиялык ооруларды каттоонун базалык принциптери жана усулдары менен тааныштыруу, коддоо жана классификациялоо көндүмдөрүн иштеп чыгуу, ошондой эле CanReg5 программалык продуктусун колдонууга үйрөтүү кирди.

Курстун катышуучулары жакшы пикирлерин айтышып, оң баасын беришти. Аны менен катар өз регистрлери менен тааныштырып, тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында курстун жүрүшүндө түзүлгөн Фейсбук жамаатынын жардамы менен келечекте кандай иштерди жасаса болору тууралуу кесиптештеринин пикирлерин угуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалашты.

Курс КМШ өлкөлөрүндө онкологиялык ооруларды каттоонун сапатын жогорулатуу жана аброюн көтөрүү, ошондой эле ракка каршы күрөшүү, улуттук деңгээлде бул багытта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндө алардын ролун бекемдөө  боюнча РИЭА менен ДСУ ЕРБнын аракеттерине салым кошту.

РИЭА жана ДСУ ЕРБ бул окуу курсун Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана күрөшүү боюнча Долбоордун алкагында уюштурду. Бул долбоорду Орусия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги каржылайт.

Фейсбуктагы ой-пикирлер

“Командадагы иш бизди дагы да күчтүү, баарлашуу үчүн ачык жана бири-бирибизге жадам берүүгө даяр кылат... 2016-жылдын 2-декабры адамзаты үчүн жаңы, сонун жана пайдалуу бир иштер башталган күн болуп калат деген ишенимдемин”.

“Бул беш күн ичинде биз үй-бүлөдөй болуп калдык. Кетким келбей турат. Биз дагы көп жолу жолугушабыз деп үмтөтөм! Мыкты тажрыйба жана сонун маанай үчүн баарыңарга терең ыраазычылыгымды билдирем!... Бул курс мен буга чейин катышкан курстардын ичинен эң мыктысы болуп калды”.