Кыздардын үнүн угуңузчу!

2016-жылы Дүйнөлүк Калк күнү “Секелек кыздарга инвестициялоо” деген тема алдында белгиленди.

Бул күнү БУУнун Калк фонду – ЮНФПА коомчулуктун көңүлүн секелек кыздардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына бурду. Анткени дүйнө жүзү боюнча секелек кыздарда бул курактагы балдарга салыштырмалуу көйгөйлөр көбүрөөк болот. Тилекке каршы көпчүлүк өлкөлөрдө секелек кыз турмушка чыгууга, кош бойлуулукка жана төрөткө даяр деп эсептелинет. Анткен менен баланын организми мындай стресске даяр эместигин түшүнгөндөр аз.

“Өнүгүү жаатындагы жаңы программалар бизди бүт дүйнөгө маалымат берүүгө үндөйт. Лидерлер жана жамааттар адам укуктарын коргоо үчүн өз ара аракеттерин бириктириш керек. Өзгөчө жакыр турмушта жашаган, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок, кара жумушка тартылган, же бала чагында эле турмушка чыккан секелек кыздарга жардам берүү зарыл. Бул кыздар башкалардай эле өз денесин өздөрү түшүнүп жана контролдоп, өз турмушун өз алдынча түзүүгө укуктуу”, - деп айтты ЮНФПАнын Аткаруучу директору, Доктор Бабатунде Осотимехин.

Бүгүнкү күндө Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Кыргыз Республикасында энелер өлүмү жогорку деңгээлде турат. Бул терс тенденцияга шарт түзгөн факторлордун арасында эрте турмушка чыгууну жана эрте куракта эне болууну атаса болот. КМШ өлкөлөрү ичинен Кыргызстан 15-19 жаш курагында көз жарган аялдардын саны боюнча экинчи орунда турат.

“Эгерде секелек кызда жашоосунда өз чечимин өзү кабыл алууга күчү, каражаты жана маалымат бар болсо, ал өзүнүн потенциалын ишке ашырып, чөйрөсүн, жамаатты жана улутту өзгөртүү үчүн позитивдүү күч боло алат”, деп айтты ЮНФПАнын Кыргызстандагы Аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков.

Глобалдык статистика:

1. Жыл сайын 70 000 кыз төрөт маалында көз жумат.
2. Жыл сайын 3,2 миллион кыз боюнан алдырат.
3. Жыл сайын 20 000 кыз 15-19 жашында төрөйт.
4. 15-19 жаштагы кыздардын өлүмүнүн биринчи себеби – бул суицид, экинчи себеби – кош бойлуулук жана төрөт учурунда абалынын оорлошуусу.
5. Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагында 1 миллион кыз 18 жашка чейин турмушка чыккан.

Туруктуу өнүгүүнүн жаңы программасынын ийгилиги биз секелек кыздарды канчалык жакшы колдоп, инвестициялай турганыбыздан көз каранды. “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – 2030” жаңы программасы секелек кыздарга өз укуктарын коргоп, максаттарын ишке ашырып, биздин дүйнөнү өзгөртүү үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк берет. Ар бир өлкө жаштардын, өзгөчө секелек кыздардын саламаттыгына жана билимине инвестиция жумшоо менен, жаштардын потенциалын толугу менен ачып берүүгө шарт түзүшөт.