Тарыхта биринчи жолу КМШ өлкөлөрүндө балдар эмгегине байланышкан маселелер боюнча өз ара эксперттик баалоо жүргүзүлө баштады

UNCT-KG-ILO-childlabourФотосүрөтчү Асыл Осмоналиева

Кыргызстан жана Тажикстан ЭЭУнун колдоосу менен саясатка сереп жүргүзүүнүн инновациялык механизмдерин жайылтуу иштерин улантып жатышат. Ноябрда бул эки өлкө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн тарыхында биринчилерден болуп балдар эмгеги маселелери боюнча ыктыярдуу өз ара эксперттик баа берүүгө киришти. Бул жаатта бири-биринин саясатын баалоо жана алдыңкы тажрыйбалар, сунуштар менен алмашуу биргелешкен иштердин тапшырмасы болуп эсептелет.

Кыргызстанда эмгекке тартылган балдардын саны азайды: 2007-жылы 32,9% болсо, 2014-жылы 27,8 пайызды түздү

Өз ара тажрыйба алмашуудан тышкары, эксперттик баалоо саясий жана институционалдык реформаларды жүргүзүүгө, өкмөттөр жана социалдык өнөктөштөр үчүн потенциалды өнүктүрүү үчүн муктаждыктарды аныктоого, билим алмашууга, ошондой эле баалоого катышкан башка өлкөлөрдөгү эксперттердин сунуштарын эсепке алып, балдар эмгеги менен күрөшүү үчүн ресурстарды мобилдештирүүгө дем берүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт. Өз ара эксперттик баалоо “Борбор Азияда балдар эмгегин жок кылуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Аталган долбоор эки өлкөдө тең 2005-жылдан бери Германия Федеративдик Республикасынын өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылып келатат. Кыргызстан биринчи болуп Тажикстандан жана Түркиядан келген эксперттерди кабыл алды. Кыргыз өкмөтү улуттук саясатты иштеп чыгууда балдар эмгеги маселесин эсепке алуу жана бул чөйрөдө системалуу мамилени жайылтуу үчүн көп нерселерди жасады. Өкмөт өз аракеттерин балдарды коргоонун баарын өзүнө камтыган системасын иштеп чыгууга жана бекемдөөгө багыттап, муну менен балдар эмгеги көйгөйүнө комплекстүү реакция жасоо үчүн пайдубал түптөп жатат. 2016-жылдын 6-апрелинде Кыргызстанда Балдар эмгегинин эң оор түрлөрүн жок кылуу боюнча 2016-2018-ж.ж. ведомстволор аралык аракеттер Планы кабыл алынган.

Балдар эмгеги боюнча экинчи улуттук изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, эмгекке тартылган балдардын саны азайып жатат – 2007-жылы 32,9 пайыз болсо, 2014-жылы 27,8 пайыз болгон. Өз ара эксперттик баалоо үч этап менен өтүүдө: даярдоо, консультация жана баалоо. Кыргызстандан, Тажикстандан жана Түркиядан үч тараптуу өнөктөштөрдүн катышуусу менен үч күндүк иш-чара 2016-жылдын 24-ноябрынан 26-ноябрга чейин Бишкекте өттү. Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, социалдык өнөктөштөр жана башка кызыкдар жактар менен өткөрүлгөн талкуудан кийин эксперттер пилоттук райондорду кыдырып чыгышты. Андан кийин эксперттер топтору отчеттордун долбоорлорун даярдашат, аларга өз тыянактарын жана сунуштарын кошуп, тактоолорду жана кошумчаларды киргизүү үчүн өкмөткө жиберишет.

Отчетторду даярдоо иштери 2017-жылдын башында жыйынтыкталат деп пландалууда. 1-декабрдан 3-декабрга чейин эксперттер Тажикстанда иш алып барышты. Баалоо үчүн негизги темалар – Балдар эмгегинин эң оор формаларын жок кылуу боюнча 2015-2020-жылдарга аракеттердин Улуттук программасын жана балдар эмгегине мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын ишке ашыруу. “Биз балдар эмгеги маселелери боюнча алдыда күтүлүп жаткан өз ара эксперттик баалоонун жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө балдар эмгеги көйгөйү улуттук саясатты иштеп чыгууда эсепке алынып, системалуу деңгээлде каралып жаткан чакта өз ара эксперттик баалоо өлкөнү балдар эмгеги менен күрөшүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууга жардам берет. Биздин аймакта бул баалоону уюштурууга колдоо көрсөткөнү үчүн ЭЭУга ыраазычылык билдиребиз”, - деди Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова.

Снежи Бедалли: “Биз балдар эмгеги көйгөйүн улуттук деңгээлде чечүүдө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркиянын олуттуу ийгиликтерин канааттануу менен белгилейбиз”

“Биз бир нече жылдан бери Кыргызстандан, Тажикстандан жана Түркиядан өнөктөштөр менен иштешип келатабыз жана бул өлкөлөрдө улуттук деңгээлде балдар эмгеги көйгөйүн чечүүдө бул өлкөлөрдүн олуттуу ийгиликтерин канааттануу менен белгилейбиз, - деди ЭЭУнун Женевадагы баш кеңсесинин эмгек чөйрөсүндө негиз салуучу принциптер жана укуктар маселелери боюнча бөлүмдүн Европа, Борбор Азия жана Араб өлкөлөрү боюнча башкы адиси Снежи Бедалли. – Бул өз ара эксперттик баалоо - маанилүү процесстеги кийинки олуттуу кадам. ЭЭУнун Борбор Азиядагы долбоорлоруна туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Германия Федеративдик Республикасынын өкмөтүнө терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет”.