АКШнын жана Кыргыз Республикасынын эксперттери жаңы маңзат каражаттарына каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшөт

4-5-апрель күндөрү Бишкекте АКШнын Маңзат менен күрөшүү боюнча агенттигинин (DEA) эксперттери синтетикалык маңзат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана маңзат саткан кылмышкерлерди издөөдө, жоопко тартууда көйгөйлөрдү чечүүдө тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кошумча 85 жаңы психоактивдүү заттарга – “спайстарга” көзөмөлдү күчөтүү чараларын көрдү. Бирок жаңы психоактивдүү заттардын саны күн сайын өсүп жатат. Анткени бул заттарды өндүргөндөр жаңы химиялык формулаларды ойлоп табуу менен мыйзамдан буйтап өтүшүүдө.

Тергөөчүлөр, прокурорлор, дарылоо боюнча адистер, ошондой эле Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтын лабораториялык адистери, Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борборунун өкүлдөрү өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, талкууга олуттуу салым кошушат. Бул адистер маңзаттардын жаңы түрлөрүн, укук бузуучуларды аныктоодо, маңзатты медициналык эмес максаттарда колдонгондорду дарылоодо маанилүү ролду ойношот. Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жана кесиптештердин тажрыйбасы Кыргызстандын бул чөйрөдөгү адистеринин кесипкөй ишмердүүлүгүнүн майнаптуулугун жогорулатууга жардам берет.

Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы (БУУ МКБ) уюштурду.