Кыргызстан: иш берүүчүлөр уюмдары бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт

UNCT-KG-ILO-empl

Кыргызстандагы иш берүүчүлөрдүн өзөктүк уюмдарынын жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул жолугушууда иштеп кетүүгө жөндөмдүү ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн өбөлгөлөрү, ошондой эле бул маселе боюнча улуттук отчетту илгерилетүү боюнча чаралар талкууланды. Жолугушуу ЭЭУ көмөгү менен уюштурулду. Анын жыйынтыгында жумуш берүүчүлөр уюмдары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Бул меморандумда алар улуттук отчетту илгерилетүүгө көмөктөшүүгө жана өлкөдөгү бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн саясий өзгөрүүлөргө жетүүгө багытталган маалыматтык өнөктүктү баштоого милдеттеништи. Соңку бир жарым жыл ичинде ЭЭУ жумуш берүүчүлөр уюмдары арасында иштеп кетүүгө жөндөмдүү ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү концепциясын жигердүү түрдө сунуштап келди. Кол коюлган меморандум – иш берүүчүлөр уюмдары арасында тыгыз өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу, алардын өнөктөштүк байланыштарын жана иштеп кетүүгө жөндөмдүү ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча ЭЭУ ишиндеги маанилүү ийгиликтүү кадам.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясы, ЖИА-Бизнес ассоциациясы жана Бизнес ассоциациялардын Улуттук альянсы (БАУА) кол койду. Иш берүүчүлөр уюмдарынын жолугушуусу ЭЭУнун “Кризисти жеңүү, татыктуу жана коопсуз эмгекти камсыздоо” долбоорунун 2-фазасынын алкагында уюштурулду. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып келатат.