Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы күч түзүмдөрү ортосундагы кызматташтык

Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) байланыш боюнча офицери Нурланбек Базарбаев Тажикстанда өз милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу Тажикстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин (БКА) коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү кабарлады.

14-мартта Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикте Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын байланыш боюнча офицери Тажикстандын БКА Борбордук аппаратынын жетекчилик курамына расмий тааныштырылды.

Агенттиктин директорунун биринчи орун басары Самад Зафар Кыргызстандын БКМК байланыш офицеринин дайындалышы “трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты илгерилетүүгө барандуу салым кошуп, биргелешкен аракеттерди активдештирүүгө жардам бере турганын” белгиледи.