Климат өзгөрүүдө, ал эми аны менен кошо азык-түлүк жана айыл чарбасы да кошо өзгөрүп жатат

UNCT-KG-FAO-WFD@FAO/Alessia Pierdomenico

2016-жылдын 16-октябры – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү

1946-жылы дал ушул күнү ФАО түзүлүп, ошондон бери жыл сайын 16-октябрда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлү күнү белгиленип келет. Иш-чара дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө өтөт жана бул БУУнун календарындагы өзгөчө кеңири белгиленген күндөрдүн бири. Бул иш-чаралар дүйнө коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатып, ишмердүүлүктү ачарчылыктан азап чеккендердин санын кыскартууга, ошондой эле ар бир адам үчүн азык-түлүк коопсуздугун жана толук кандуу тамактанууну камсыздоого жардам берет.

Эмне үчүн 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө дүйнө элине жолдогон кайрылуубуздун урааны “Климат өзгөрүүдө, ал эми аны менен кошо азык-түлүк ажана айыл чарбасы кошо өзгөрүүдө?” болду?

Бул өтө маанилүү мезгилге туура келди: климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун кезектеги Конференциясы 2016-жылдын 7-18-ноябрь күндөрү Марокконун Марракеш шаарында өтөт.

ФАО дүйнө өлкөлөрүнүн башчыларын өзүнүн климат боюнча пландарында азык-түлүккө жана айыл чарбасына көңүл буруп, элеттик райондорду өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырат.

Майда фермердик чарбалыктардын тышкы таасир этүүлөргө карата туруктуулугун бекемдөө менен, биз барган сайын ачарчылык жайылып жаткан планета үчүн азык-түлүк коопсуздугун кепилдеп, ошондой эле зыяндуу заттардын чыгындысын кыскарта алабыз.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү тууралуу толук маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз (алты расмий тилде бар): http://www.fao.org/world-food-day/2016/theme/ru/