Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит жана ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо Баткен облусунда болушат

Бүгүн Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) КРдагы башчысы Юкиэ Мокуонун Баткен облусуна иш сапары башталууда. 13-14-июнь күндөрү Улуу Британиянын Элчилигинин колдоосу менен ЮНИСЕФ ишке ашырган долбоорлордун жыйынтыктары менен таанышуу үчүн элчи Роберт Орд-Смит Кыргызстандын түштүгүнө жасаган сапарынын алкагында ЮНИСЕФтин өкүлүнө кошулат.

Сапар маалында делегация Ош жана Баткен облустарынын жетекчилиги, райондук администрациялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаштар жана балдар менен жолугушат. Алар Баткен облусунун Лейлек районундагы Самаркандек айылындагы майыптуулугу бар балдар үчүн ачылган “Үмүт” күндүзгү реабилитациялык борборунда, Кулунду айылындагы жаштар борборунда болушуп, Жаңы-Жер айылындагы мектепке барбаган балдар боюнча демилгелүү топ менен жолугушат. Мындан тышкары Улуу Британиянын КРдагы элчиси Роберт Орд-Смит жана ЮНИСЕФтин КРдагы башчысы Юкиэ Мокуо Дархум айылындагы жаңы жамааттык бала бакчаны ачышат.

15-июнда саат 12:00дө Ош шаарында (дареги: Ош шаары, “Ош-Нуру” мейманканасы, Баялинов көч., 1) Улуттук стажировкалар программасынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны өтөт. Бул программаны ЮНИСЕФ жана Улуу Британия Элчилиги Жаңжалдарды алдын алуу, туруктуулукка жана коопсуздукка көмөктөшүү Фонду аркылуу ишке ашырууда.