Кайрадан мектепке: Кыргызстанда иштеген балдар үчүн кошумча класстар ачылды

UNCT-KG-ILO-scholing

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте билим алууда кыйналган, мектепти бүтпөй калган жана иштеген балдар үчүн үч формалдуу класс ачылды. 8-10-класстардын программасы боюнча кечки кайталоо жана кошумча сабактар өлкөдөгү миң балага мектепке кайтып, окуусун аяктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Сабактар формалдуу билим берүү методикасы боюнча өткөрүлүп, стандарттык окуу программасынын негизинде түзүлгөн жана окуусун аяктаган балдар орто билим тууралуу аттестат алышат. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2014-жылы ЭЭУнун техникалык жана каржылык колдоосу менен өткөргөн балдар эмгеги боюнча экинчи изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, иштеген 580 565 баланын ичинен 414 246 бала (71,4 пайыз) балдар эмгегине тартылган. Иштеген балдардын басымдуу бөлүгүн (95 пайызы) акы төлөнбөгөн үй-бүлөдөгү жумушчулар түзөт жана 7 жаштан 13 жашка чейинки курактагы ар бир үчүнчү бала окуусу менен жумушту айкалыштырууга мажбур. Анткен менен көпчүлүк балдарда окуп да, иштегенге да мүмкүнчүлүгү болбойт. Ошондо алар окуусун таштап, жумушту тандашат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 28 364 бала мектепти таштаган, алардын ичинен 89.3 пайызы – 16-17 жаштагы өспүрүмдөр.

“Сабактар толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланып, билим берүүнүн формалдуу системасына киргени өтө маанилүү, - деди ЭЭУнун “Борбор Азияда балдар эмгегин жок кылуу – милдеттенмелерден аракеттерге” долбоорунун улуттук координатору Амина Курбанова. – Жергиликтүү бюджеттен каржыланган ушундай эле кошумча класстар Кыргызстандын түштүгүндөгү Кара-Суу районунда да иштеп жатат. Учурда биз жалпы улуттук процесс башталганын көрүп жатабыз”.

Кошумча окуулар башталганга чейин үч жыл дыкаат даярдык иштери көрүлгөн. Окуу процесси ЭЭУнун “Борбор Азияда балдар эмгегин жок кылуу” Долбоорунун жана “Бирдиктүү БУУ” программасынын алкагында пилоттук негизде сыналды. Муну менен бирге эле мыйзамдарды өркүндөтүү, мугалимдердин жана билим берүү чөйрөсүндөгү адистердин потенциалын бекемдөө, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды жана коомчулукту маалымдоо жана мобилдештирүү боюнча аракеттер да жасалды. Мындан тышкары бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдар эмгегине мониторинг жүргүзүү системасы иштеп жатат. Бул система иштеген балдарды аныктоого жана кошумча окууларга жиберүүгө жардам берүүдө.

15 жаштагы Азиз – иштеген балдардын бири. Ал кайрадан мектепке кайтып келгенине бактылуу. “Мен үй-бүлөлүк жыгач устаканасында иштеп, эч качан мектепке барган эмесмин. Бул үчүн өкүнгөн учурлар көп болгон, бирок мектепке барганга кеч болуп калды окшойт деп ойлочумун. Эми окуп, жаза алам, бул үчүн кубанычыма чек жок. Мен дайыма арифметика сабагын чыдамсыздык менен күтөм – бул менин жакшы көргөн сабагым”.

“Система улуттук деңгээлде мүмкүн болушунча натыйжалуу иштеп кетиши үчүн дагы көп нерсе жасалышы керек. Анткен менен бул өзгөрүүлөр өлкө балдар эмгеги менен күрөшүүгө системалуу мамиле жасап жатканын көрсөтүүдө, - деп билдирди ЭЭУнун Женевадагы баш кеңсесинин эмгек чөйрөсүндө негиз салуучу принциптер жана укуктар маселелери боюнча бөлүмдүн Европа, Борбор Азия жана Араб өлкөлөрү боюнча башкы адиси Снежи Бедалли. – ЭЭУ социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдө иштеген балдарды мектепке кайтаруу үчүн Кыргызстанда ишин уланта берет. Өлкөдө ачылган кошумча класстар бул балдарга татыктуу келечекке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө”.