ДССУнун Кыргызстандагы эне менен аялдын ден-соолугун коргоого кошкон салымы үчүн сыйлык

WHOProfessor Batyraliev, Minister of Health of Kyrgyzstan presents Gunta Lazdane her award

Кыргызстанын Өкмөтү менен Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагынын отличниги» сыйлыгын ДССУнун сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолук маселелери боюнча Аймактык кеңешчиси  Гунте Лазданеге тапшырды. Бул сыйлык анын өлкөдөгү эне менен аялдын ден-соолугун жакшыртуу боюнча иш-аракеттерин баалоо иретинде ыйгарылды.

Гунта сыйлыкты Кыргызстанга июль айында талаалык иш сапары менен келген учурда алды. Расмий иши Копенгагенде болгон Гунта көп жылдардан бери Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү иштерине активдүү катышып келүүдө. Антсе да сыйлык ал үчүн күтүүсүз болгондугу белгиленди.

«Мен чындыгында эле мындай сыйлык берилет деп күткөн эмесмин. Биз сыйлык үчүн эмес, аялдардын, энелердин, ымыркайлардын жана жаштардын ден-соолугун чыңдөө үчүн иштеп келебиз», - дейт ал ага сыйлык жөнүндө суроо берилген учурда.  Бирок ошол замат эле бул сыйлык ДССУнун Кыргызстандагы конкреттүү ишин гана эмес, кеңири планда кошкон салымын да моюнга алуу экендигин кошумчалайт.

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы иши

«Кыргызстан ДССУнун Европа аймагындагы ири экономикалык көйгөйлөргө дуушар болуп жаткан өлкөлөрдүн бири болуп калууда. Аймактагы эне менен баланын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү эң бийик болгон өлкө катары Кыргызстан 1990-жылдары эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып ДССУ үчүн эне менен ымыркайдын ден-соолугун жакшыртуу иши артыкчылыктуу багытта турган өнөктөшкө айланды.

Миссияларымдын басымдуу көпчүлүк убактысын кыргызстандагы кеңседен тышкаркы жерлерде өткөрдүм», - дейт Гунта. Эненин ден-соолугун коргоо өкмөт тарабынан да, ДССУ тарабынан да артыкчылыктуу багыт катары каралгандыктан, жалпы өлкөнүн аймагында алдыңкы тажрыйбаны ишке киргизүүгө жана саясат жаатында жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Гунта ДССУнун Кыргызстандын өкмөтүн эненин, ымыркайлардын жана балдардын ден-соолугунан тартып үй-бүлөнү пландоого чейинки бүтүндөй өмүр узактыгына карата бардыгын камтуучу ыкманы колдонуу боюнча колдоого алуучу ишти координациялап келди. Алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүүнүн деңгээлинде репродуктивдүү ден-соолукту коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, анын ичинде төмөнкүлөргө көңүл бурулду:

·         коопсуз бойдон алдыруунун жеткиликтүү болушу

·         төрөт үйлөрүндөгү натыйжалуу перинаталдык жардамды ишке киргизүү

·         ушул иш-чаралардын таасирин баалоо.

ДССУ репродуктивдүү ден-соолуктун дараметин арттырууга, ага мониторинг кылууга, өзгөчө – энелердин өлүмгө учурашына жана ооруга чалдыгуусуна көз салууга, окутуп-үйрөтүүгө да инвестиция жумшады. Гунта бул иш-чаралардын көпчүлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу жаатындагы фонду (ЮНФПА) жана Кыргызстанда иштеп жаткан көптөгөн башка өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуусуз ишке ашпай калмактыгын баса белгиледи.

Кыргызстанда иштеген жылдар ичинде коомдун эненин ден-соолугуна карата мамилеси кыйла өзгөргөндүгүнө күбө болду. Ал июль айында төрөт үйүндө болгондугун эскерет.

«Биз ымыркайын бооруна кыса кучактаган атаны жолуктурдук. Ал оорукананын керебетинде жатыптыр. Ал эми аялы операциядан кийин өзүнө келе элек экен. Бактылуу ата ымыркайын эмизе албагандан тышкары бардыгы жайында экендигин айтып, тамашалады».

«Бул көз караштар өзгөрүп жаткандыгынан кабар берет», - деп түшүндүрөт Гунта. «10-12 жыл мурун эркек адам төрөт үйүнүн ичине кирет деп элестетүү мүмкүн эмес эле. Мурда аталарга балалуу болушкандыктарын терезе аркылуу кыйкырып кабарлашчу».

Алдыда аткарылчу иштер арбын  

Кыргызстандын өкмөтү менен ДССУ алдыда аткарылчу иштер арбын экендигин моюнга алышат, анын ичинде мектептерде натыйжалуу жыныстык тарбия берүүнү институционалдаштыруу жана медициналык кызматкерлердин билимин жогорулатуу боюнча милдеттер көп.

ДССУ жана Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларына макулдашылган саясат менен жетектөөчү принциптерге ылайык, ишке ашырууга жана мониторинг кылууга багыттоо, улуттук деңгээлде кайсы компоненттер жакшы натыйжа берип жаткандыгына изилдөө жүргүзүү маанилүү, деп баса белгилейт Гунта.

Август айынан тартып расмий түрдө пенсияга кетип жаткандыгына карабастан, ДССУ конференциясына алгачкы ирет ДССУнун мүчөсү эмес, конок катары катышууга даярданууда.

«ДССУнун бир бөлүгү  болуу – өмүр бою өзүңө алган милдеттенме сыяктуу. Бул – жөн гана иш эмес, бул – жашоо образы», - дейт ал.