БУУнун Аткаруу Кеңешинин сапары жана БУУнун Калк Фондунун өнөктөштөрү менен Кочкор районунда жана Нарын шаарында жолугушуусу

UNCT-KG-UNFPA-EB Visit

4-майдан 5-майга чейин БУУнун Калк Фондунун (ЮНФПА) жаштар багытынын алкагында БУУнун Аткаруу Кеңешинин өкүлдөрү Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу жаштар үчүн достук кызмат көрсөтүүлөр (ЖҮДК) боюнча кабинетте жана сергек жашоо сабактарын жайылтуунун алкагында Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде болушту.

4-майда БУУнун Аткаруу Кеңеши Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) болуп, борбордун башчысы Медет Жумаев мырза, өспүрүмдөр дарыгери Наристе Бейшеева айым жана өспүрүмдөргө, жаштарга тикелей кызмат көрсөткөн башка медициналык адистер менен жолугушту. ҮМБ башчысы жана өспүрүмдөр дарыгери чакан баяндама жасап, Кочкор районундагы өспүрүмдөрдүн жана жаштардын саламаттыгынын айланасындагы кырдаал тууралуу маалымат беришти. Миссиянын өкүлдөрү ЖҮДК кабинетинде болушуп, жаштар менен жолугушту. Элчи, Туруктуу Өкүл (БУУнун Азык-түлүк программасы) Магид Дехган Шоар мырза калктын саламаттыгы жаатында жасалып жаткан иштердеги кыйынчылыктарды белгилеп, Кочкор районундагы саламаттык сактоо тармагында жасалып жаткан иштер үчүн улуттук өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

5-майда БУУнун Аткаруу Кеңешинин өкүлдөрү №87 кесиптик лицейде болушуп, директору Турсун Осмонова айым жана лицейдин окуучулары менен жолугушту. Турсун Осмонова сергек жашоо боюнча жасалган иштер жана 2014-2015-академиялык жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. БУУнун Аткаруу Кеңешинин өкүлдөрү сергек жашоо боюнча ачык сабакка катышып, лицейдин окуучулары менен жолугушту. БУУнун Антигуа жана Барбудадагы Туруктуу Өкүлү (ЮНИСЕФ) Уолтон Вебсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Юкиэ Мокуо айым окуучуларды сергек жашоо образын жайылтуу иштерин уланта берүүгө чакырып, лицейдин администрациясын кызматташтык жана жаштардын саламаттыгын коргоо жаатындагы колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

“Мен Нарындагы жергиликтүү жамааттын жигердүү катышуусуна күбө болдум. Алар өтө көп пайдалуу иштерди жасашууда! БУУнун иши адамдардын жашоосуна оң таасирин тийгизип жатканын көрүү абдан жагымдуу, андан да жагымдуусу – жергиликтүү жашоочулардын өз демилгелерин ишке ашыруунун үстүндө иштөөгө болгон каалоосун жана берилгендигин көрүү”, - деп айтты Антигуа жана Барбудадагы Элчи Уолтон Вебсон мырза.