Адам укуктарынын сакталышын колдоого жана үй-бүлөнү пландоого жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртууга карата кезектеги кадамдар

UNCT-KG-WHO-workshop67

Жакында эле бекитилген “Эч ким көңүл сыртында калбайт – Европада 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү жаатында Күн тартибинин аткарылышын колдоого карата сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттыкты коргоо боюнча аракеттер планынын” алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен тыгыз кызматташтыкта ЮНФПА семинар уюштуруп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын саламаттык сактоо тармагындагы адистери жана жетекчилери, өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты. “Контрацепция боюнча маалымат берүүдө жана кызмат көрсөтүүдө адам укуктарын камсыздоо” деп аталган семинар 2016-жылдын 22-24-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Семинар гендердик өзгөчөлүктөрдү жана адам укуктарын эсепке алуу менен түрдүү өңүттө Үй-бүлөнү пландоо боюнча улуттук стратегияга интеграциялануусунун кепилдиктерин камсыздоо максатында уюштурулду.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев медициналык билимге, саламаттык сактоо жаатында иш жүзүндөгү дайындарга жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн негизинде маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоодо тажрыйбанын маанисин баса белгиледи. Семинарга катышкан эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Казакстанда үй-бүлөнү пландоо жана адам укуктарын коргоо жаатындагы түзүлгөн кырдаалга жасалган анализдин жыйынтыктары менен тааныштырышты.

Ошондой эле семинарда “Контрацепция боюнча маалымат берүүдө жана кызмат көрсөтүүдө адам укуктарын камсыздоо”, “Контрацепция тууралуу маалымат берүүдө адам укуктарын камсыздоо үчүн алкактык программа” аттуу ДСУнун колдонмолору, контрацептивдерди камсыздоодо адам укуктары жана гендердик теңдик жаатындагы ЮНФПАнын колдонмосу өңдүү аспаптар тартууланды. Семинардын бир катар сессиялары жана көнүгүүлөрү адам укуктарынын концепциясын терең үйрөнүү маселелерине арналды. Семинардын катышуучулары алдыдагы 3-5 жылга конкреттүү иш-аракеттер планын даярдап, талкуулап алышты.

Бул семинар – Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы ушул өңдүү алгачкы жолугушуу жана сексуалдык, репродуктивдүү саламаттык маселелери боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашырууга жасалган маанилүү кадам.

Эч ким көңүл сыртында калбайт – Европада 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибин аткарууну колдоого сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттыкты коргоо боюнча иш-аракеттер планы

Ensuring human rights in the provision of contraceptive information and services: guidance and recommendations (2014)

Framework for ensuring human rights in the provision of contraceptive information (2014)