Кыргызстандагы кылмыштуулук: сандар эмнелерден кабар берет?

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 2015-2019-жылдарга Программасынын алкагында БУУ БКБ кылмыштуулук жана маңзаттар жаатындагы статистикалык маалыматтарды чогултуу, жайылтуу жана колдонуу боюнча улуттук өнөктөштөрдүн потенциалын бекемдөө багытында иш алып барат. БУУ БКБ тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнө көрсөтүлгөн бул жардам кылмыштуулукту алдын алуу жана жазыктык сот адилеттиги чөйрөсүндө тийиштүү саясатты иштеп чыгуу максатын көздөйт.

“Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби 2010-2014” статистикалык жыйнагынын бет ачары 24-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде өттү. Ага Президенттик жана Өкмөт аппаратынын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Статистикалык жыйнак 2010-2014-ж.ж. ичиндеги айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн, ошондой эле бул мезгил ичиндеги республикадагы жана анын региондорундагы кылмыштуулуктун абалын мүнөздөгөн статистикалык маалыматтардын талдоосун камтыйт. Жыйнак БУУ БКБнын эксперттик жана техникалык колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде даярдалган.

Ушул жыйнакта келтирилген маалыматтарга ылайык, катталган кылмыштуулуктун санынын азайышында тенденция байкалат. Ошол эле маалда маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланышкан кылмыштар жыл сайын өсүп жатат. Мас абалында жасалган кылмыштардын саны да өстү. Кылмыштар көбүнчө жумушсуз жана окубаган адамдар тарабынан жасалат.

Жаңы жыйнак үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланды. Жыйнактын материалдары менен толугураак КР Улуттук статкомитетинин сайтынан тааныша аласыз: http://www.stat.kg/ru/publications/sbornik-prestupnost-i-pravoporyadok-vkyrgyzskoj-respublike/).

Маалыматтарга ылайык:

Кылмыштардын жалпы санындагы эң жогорку үлүш жеке менчикке карата жасалган кылмыштарга туура келди: уурулук, тоноо, мал уурдоо, каракчылык. 2014-жылдагы маалыматка ылайык, кылмыштуулуктун жалпы структурасында алардын үлүшү 43 пайызды түздү. Алардын ичинен жасалган кылмыштардын эң көп саны уурдоого туура келет.

Акыркы жылдары кылмыштуулуктун айрым түрлөрү боюнча соттолгондордун саны азайды: 2010-жылы 8,5 миң адам болсо, 2014-жылы 7,3 миң адам, же 14 пайызга азайды. Буга маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар кирбейт. Бул кылмыштар 7 пайызга өскөн. Ал эми карактоо максатында кол салуулар кылмыштарында өсүш дээрлик 4 пайызды түзөт.

Акыркы жылдары калк арасында кризис борборлоруна, аксакалдар сотторуна жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын санында өсүш тенденциясы байкалат. Эгерде 2010-жылы 16 миң кайрылуу катталса, 2014-жылы мындай кайрылуулардын саны 19,5 миңге чейин, же 24% өскөн.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркагандардын эң көп үлүшү аялдарга туура келет – 2014-жылы 94%, алардын ичинен 38 пайызын 31-40 жаштагы аялдар түзсө, 31 пайызын 21-30 жаш курактагы кыз-келиндер түзөт.