МКМК жана ИИМ баңгилик жана маңзаттарды жүгүртүү менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүү боюнча регламентке кол коюшту

Бишкекте КР Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат (МКМК) менен КР Ички иштер министрлиги (ИИМ) ортосунда өз ара аракеттенүү боюнча регламентке кол коюу аземи өттү.

МКМК төрагасы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, баңгиликти болтурбоо жаатындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана маңзат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө эффективдүү каршы турууну уюштуруу максатында бул регламентке кол коюлуп жатат.

“Бүгүн биз өтө маанилүү документке кол койдук. Ал биздин ведомстволордун жемиштүү кызматташуусун баштап берет. Маңзат менен күрөштөгү ишибиз майнаптуу жана жемиштүү болот деп ишенем”, - деди Мамбеталиев.

Бул Регламент маңзат профилактикасы жана маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу чөйрөсүндөгү окшош функцияларды ишке ашыруу боюнча МКМК менен ИИМдин өз ара аракетин уюштуруу тартибин белгилейт.

“Баңгилик, маңзат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору менен күрөш бүгүнкү күндө ИИМ үчүн артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет. Бүгүн биз кол коюп жаткан Регламент жалпысынан өлкөдөгү маңзатка байланышкан кырдаалды көзөмөлдөөнү камсыздашы керек”, - деп кошумчалады ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Ошондой эле иш-чарага КР өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, МКМК кызматкерлери, АКШнын КРдагы Элчилигине караштуу АКШ Мамлекеттик департаментинин INL программасынын директору Джон Дэвис-Кирчнер, Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын КРдагы расмий өкүлү Григорий Пустовитов, БУУнун Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын КРдагы программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов катышты.