Кыргызстан – Түркмөнстан футбол матчы эл аралык Кыздар күнүнө арналды

UNCT-KG_Football_Khz_Lbn©UNICEF/Kyrgyzstan/2016/Alimjan Jorobaev

Бүгүн саат 20:30да “Спартак” стадионунда Кыргызстан менен Түркмөнстан улуттук курама командалары ортосунда жолдоштук матч өттү. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) КР Футбол федерациясы менен биргеликте бул оюнду бүгүн дүйнө жүзү боюнча белгиленип жаткан эл аралык Кыздар күнүн майрамдоого арнады.

Дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддан ашуун кыз ар кайсы өлкөлөрдө жашайт. Алар эрте никеге туруу жана эрте эне болуу өңдүү көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүшүүдө. Кыргызстан 15-19 жаш курагында эне болгон секелектердин саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. 2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 15-49 жаш курактагы аялдардын ондон бири эрезеге жете элек кезинде турмушка чыгат.

Өспүрүм кезинде турмушка чыгып, эрте эне болгон кыздар өзүнүн репродуктивдүү ден соолугун тобокелдикке салат, билим албай калат, зордук-зомбулуктун курмандыгына айланат. Бул болсо аялдардын турмушуна гана эмес, алардын балдарына да терс таасирин тийгизет. Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Кыргызстанда эне өлүмү эң жогорку деңгээлде болгону аныкталган. Атүгүл, изилдөөлөргө ылайык, билим деңгээли төмөн аялдар балдар ооруларынын кооптуу белгилери тууралуу үч эсе аз билишет. Бул болсо медициналык жардамга кеч кайрылуунун жана балдар өлүмүнүн себептеринин бири.

Башка бир көйгөй – үй эмгеги. Эл аралык Кыздар күнүнө карата ЮНИСЕФтин башкы кеңсеси отчет даярдап, анда кыздар тамак жасоого, үй жыйноого, өзүнөн кийинки бир туугандарына же үйдөгү кары адамдарга кам көрүүгө канча убакыт коротору тууралуу биринчи жолу статистика келтирилген. Орточо эсеп боюнча, дүйнө жүзүндө 5 жаштан 9 жашка чейинки курактагы кыздар өзү теңдүү эркек балдарга салыштырмалуу үй тиричилиги менен 30% көбүрөөк алектенүүгө мажбур.

Үйдөгү милдеттенмелердин тең эмес бөлүштүрүлүшү аялдын биринчи кезектеги ролу үйдү кароо жана үй-бүлөнү тейлөө деген стереотиптин калыптануусуна шарт түзүүдө. Бул болсо кыздардын жана аялдардын экономикалык көз карандуулугуна, алардын укуктарынын чектелүүсүнө алып келет.

Футбол оюнун Кыздар күнүнө арноо  менен, анын уюштуруучулары коомчулуктун көңүлүн дал ушул көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгына буруп жатышат.

ЮНИСЕФ көп жылдардан бери “Барселона” жана “Манчестер Юнайтед” өңдүү футбол клубдары менен кызматташып келатат. Спорттун уникалдуу күчү аркылуу балдар укуктарын коргоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү жана КР Футбол федерациясы аракеттерин бириктиришти. Кыргызстан – Түркмөнстан ортосундагы жолдоштук беттеш балдарга арналган оюндар сериясынын үчүнчүсү болуп калды.

Сүрөт түрүндөгү отчетту бул жерден көрүңүз.

ЮНИСЕФ тууралуу: Өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ЮНИСЕФ ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун камсыздайт. Өзгөчө аярлуу жана социалдык жактан обочодо калган балдарга көңүл буруу менен, дүйнө жүзүндөгү бардык балдардын кызыкчылыгында өз милдеттенмелерибизди практикалык иш-аракеттерге айландыруу үчүн өнөктөштөрүбүз менен 190 өлкөдө жана аймакта иш жүргүзүп келатабыз. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана Кыргызстандагы иштерибиз тууралуу толук маалымат алуу үчүн: www.unicef.org/kyrgyzstan. Бизди Facebook жана Twitter баракчаларынан таба аласыз.

КР ФФ тууралуу: Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы (КР ФФ) 1992-жылдын 25-февралында түзүлгөн. 1994-жылы КР ФФ Эл аралык футбол Федерациясынын (ФИФА) жана Азия Футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болуп калган. КР ФФ түрдүү курактагаы категорияларда футбол жана футзал боюнча курама командалардын ишин жүзөгө ашырат.