Кыргызстанда 0дөн 3 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнүн бирдиктүү стандарттары пайда болду

UNCT-KG-UNICEF_ECD

Бишкек, 21-ноябрь, 2016 – Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) адистери Кыргызстанда төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүү стандарттары менен тааныштырышты. Бекитилген стандарттардын негизинде адистер төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки курактагы балдардын эрте өнүгүүсү боюнча колдонмону жана 0-7 жашка чейинки баланын өнүгүү күндөлүгүн иштеп чыгышты. Колдонмо жана күндөлүк 20-ноябрь – Балдардын эл аралык күнүнө карата жарыяланды. Бул күнү Балдар укуктары тууралуу Конвенция кабыл алынган.

Кийинки жылдан тарта республиканын бардык төрөт үйлөрүндө ар бир жаңы төрөлгөн ымыркай жана анын ата-энеси баланын өнүгүү күндөлүгүн алат. Күндөлүктүн негизинде ата-энелер жана педиатрлар баланын дене бой, эмоционалдык, когнитивдүү өнүгүүсүнө жана саламаттыгына көз салып турушат.

Төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдардын эрте өнүгүүсү боюнча колдонмо менен Жогорку Кеңеште Кыргыз Билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү лабораториясынын башчысы Алмаз Токтомаметов, ал эми баланын өнүгүү күндөлүгү менен Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Эльвира Боронбаева тааныштырды.

Мектепке чейинки курактагы балдардын 70% билим берүү мекемелерине баруу мүмкүнчүлүгү болбогонун эске алганда, колдонмо жана күндөлүк ата-энелерге баласынын өнүгүүсүнө көз салып, эрте баскычта кемчиликтерди аныктоого жардам берет. Кеңири маанисинде стандарттар – белгилүү бир куракта бала бери дегенде эмнелерди билип, жасай алышы керектигине карата ырастоолордун топтому. Бирок мында ар бир баланын өнүгүүсү ар башкача болоорун эске алуу зарыл.

“Кыргызстан биринчи жолу стандарттарды кабыл алды. Алар ата-энелерге жана адистерге баланын эрте курактагы дене бой, эмоционалдык, когнитивдүү өнүгүүсүнө жана саламаттыгына көз салып турууга жардам берет”, - деп белгиледи баяндама учурунда ЮНИСЕФтин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. “Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, дал ушул төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки куракта баланын өзгөчө интенсивдүү өнүгүүсү болот. Өмүрүнүн алгачкы жылдарында баланын мээси чоң потенциалга ээ болот, ар бир секунда сайын мээнин 1000 клеткасы активдешет”, деп кошумчалады ал.

3 жаштан 7 жашка чейинки өнүгүү стандарттары 2014-жылы макулдашылып, басып чыгарылган.

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. ЮНИСЕФ адамзатынын өнүгүүсүнүн негизги идеясы балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү болгонуна ишенет. 1946-жылы түзүлгөн БУУнун Балдар фонду жакырчылыктын, зордук-зомбулуктун, оорулардын жана дискриминациянын натыйжасында балдар туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өнөктөштөр менен иш алып барат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ишин 1994-жылы баштаган. Толук маалымат алуу үчүн: Facebook жана Twitterwww.unicef.org/kyrgyzstan.