БУУ ВПП жана Жапония Кыргыз Республикасындагы элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

UNCT-KG_WFP_JApan

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ВПП) жана Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги өлкөнүн жети облусундагы аял ишкерлерди колдоо максатында бүгүн азык-түлүк продукцияларын кайра иштетүү үчүн жабдууларды өткөрүп берүү аземине катышты.

Жабдуулар Жапониянын 490 миң АКШ доллары көлөмүндөгү грантынын алкагында берилди. Бул грант 2 миңден ашуун көбүнчө аялдар жетектеген аярлуу элеттик үй кожолуктарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Грант айыл чарба жүргүзүүдө билим деңгээлин жана көндүмдөрдү жогорулатуу, чакан бизнести колдоо, элеттик аялдардын айыл чарба инфраструктурасын коргоо максатын көздөйт.

“Өз алдынча болгон аялдар дүйнө жүзү боюнча коомго пайда алып келишүүдө, - деп айтты Жапониянын Кыргызстандагы Чукул жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура. – Бул грант аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө инвестициялоого жол ачат. Бул аялдар Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн кыймылдаткыч күч боло алышат”.

Салтанаттуу аземде Ямамура мырза аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү – жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнүн өзөктүк аспектиси болгонун айтып, бул долбоор Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ мырзанын эл аралык демилгесинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул демилгенин алкагында Жапония “аялдар кубанган дүйнөнү жаратуу” үчүн эл аралык жамаат менен кызматташууда.

Берилген жабдуулар ширелерди, кыямдарды, маринад жана кургатылган жемиштерди коммерциялык масштабда өндүрүү үчүн колдонулат.

“Жапония берген бул грант биз үчүн өтө маанилүү. Ал азык-түлүк продукцияларын өндүрүү боюнча жамааттык ишканаларды иштетүүгө жардам берет. Бул болсо айылдык экономиканы колдоп, жумуш орундарын түзүп, Кыргыз Республикасындагы аялдардын кирешесин жогорулатат”, - деп белгиледи БУУ ВППнын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту.

Жергиликтүү бийликтин колдоосу алдында жабдуулардын колдонуучулары айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүп, башкара алышат, башка дыйкандарга кайра иштетүү кызматтарын көрсөтөт. Мындай ишканалар аялдарга туруктуу киреше алып, жергиликтүү жамааттар үчүн салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Продукцияны кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелер жергиликтүү жамаат үчүн кошумча жабдууларды сатып алуу үчүн да колдонулат.

Жапон грантынын алкагында БУУ ВПП “Тобокелдиктерге жана критикалык контролдук чекиттерге анализ” (ХАССП) системасы боюнча айыл чарбасынын продукцияларын кайра иштетүү технологиялары, тамак продукциясынын коопсуздугу, финансыны башкаруу жана товар өткөрүүчү чынжырчаларды өнүктүрүү боюнча тренингдери өткөрдү. Бул тренингдер элеттик аялдардын потенциалын өнүктүрүү жана алардын кирешелерин жогорулатууга көмөктөшүү максатында өткөрүлдү. Жапониянын салымы дыйкан аялдар менен айыл чарба продукциясын сатып алгандар ортосундагы байланышты түзүү боюнча БУУ ВППнын аракеттерин колдойт.