Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында семинар өткөрүү боюнча окуу куралы

UNDP-KG-Publication-Gender_cover_training_KG

Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты.  Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.