Кыргыз Республикасындагы балдардын абалына жасалган талдоо

1.1. 2011-жылы Кыргыз Республикасындагы балдардын абалына жүргүзүлгөн соңку талдоодон бери айрым багыттарда прогресс болду. Айталы, мектепке чейинки билим берүүгө, суу менен камсыздоо жана санитария булактарына жете алган, баштапкы мектепке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар балдардын саны өстү. Буга карабастан өзгөчө социалдык теңсиздикти башынан өткөрүп жаткан, же социалдык коргоо системасынын “көзүнө илинбей келаткан” балдарга жана аялдарга колдоо көрсөтүүгө байланышкан маанилүү көйгөйлөр ушул күнгө чейин кала берүүдө. 

1.2. Буга чейинки талдоодо 2010-жылдагы саясий толкундоолор жана этностор аралык жаңжал балдардын турмушуна таасирин тийгизген олуттуу фактор болуп калган. Андан көп өтпөй эле өлкөдө бийлик тынч, демократиялык жол менен алмашып, жаңжалдын кайра башталып кетүү коркунучу азайганына карабастан, ошол учурдан бери көңүлдү бурган маселелер калып келатат. Мындай маселелер тынчтык орнотуу ишин уланта берүүнү, толеранттуулукту бекемдөөнү талап кылып, балдар үчүн мындан да коопсуз чөйрөнү өнүктүрүүгө жана негизги укуктарынын сакталышын талап кыла алгыдай абалда болууга көмөктөшөт. Этностор аралык мамилелерди бекемдөө ушундай чөйрөнү түзүүнүн маанилүү элементи болгонуна карабастан, бул мамилелердин салыштырмалуу күчү негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн ишенимдүү болбогону менен шартталууда. Этностук топтордогу чечилиши керек болгон маселелер негизги социалдык кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган кеңири мамиленин бир бөлүгү болушу керек. Бул болсо өз кезегинде бардыгы үчүн мындан да туруктуу жана тең укуктуу чөйрөнү түптөөгө көмөктөшөт.

1.3. 2014-жылы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) өткөргөн “Кыргыз Республикасындагы балдардын абалына талдоо” изилдөөсү соңку тенденциялар, прогресс тууралуу маалыматтарды, Кыргыз Республикасындагы балдардын укуктарын ишке ашырууга тоскоол болгон көптөгөн факторлорго жасалган талдоону камтып, балдар жана аялдар башынан өткөрүп жаткан ар кандай теңсиздиктерди чагылдырат. Бул изилдөө саясий диалогго, өлкөдөгү бардык балдардын укуктарын өз убагында, ар тараптан жана тең укуктуу ишке ашырууга жетишүүгө оң таасирин тийгизет деген үмүт бар.

1.4. Бул доклад беш бөлүмдөн турат. Докладдын 2-бөлүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр байкалган чөйрөлөр каралат. Бул прогресске өзгөчө Кыргыз Республикасындагы өнүгүү жаатында жетишкендиктерди бекемдөө боюнча ЮНИСЕФтин токтобой келаткан аракеттери себепчи болду. Көбүрөөк прогресс байкалган чөйрөгө көңүлдү буруу өнүгүү жаатындагы тамыр жайып калган чакырыктардын фонунда жетишкендиктерди талкуулоого жол ачат. 3-бөлүмдө азыраак прогрессти көрсөткөн чөйрөлөр сүрөттөлүп, мындан ары жакшыртуу үчүн чөйрөлөргө анализ жасалат. Бул чөйрөгө көңүл буруу чечилбей жаткан көйгөйлөргө жана тоскоолдуктарга жаңыча мамиле жасоого жол берет. 4-бөлүмдө гендерге, бакубатчылыкка жана географиялык жайгашуусуна негизделген теңсиздиктер талкууланат. Шаар конуштары менен элет жергеси ортосундагы теңсиздикке байланышкан маселелер, жакырчылыктын таасири Кыргызстандагы тең укуктуулукту илгерилетүүнүн айланасында каралат. 5-бөлүмдө балдардын аярлуулугунун детерминанттарына өзгөчө көңүл бурулган. Бул детерминанттар өлкөдөгү уланып келаткан ар кандай чакырыктарга өз салымын кошкону менен (бул эң көп жана эң аз прогресс байкалган чөйрөлөрдү талкуулоодо чагылдырылды), алар дагы да кеңири талкуулоо үчүн өзүнчө бөлүмдө каралат. 4-5 бөлүмдөр жетишкен ийгиликтерди бекемдеп, 3-бөлүмдө сүрөттөлгөн чакырыктарды чечүүгө карата мамилени баалоо үчүн чечилиши керек болгон бир катар маселелерди камтыйт. Ал эми 6-бөлүмдө Кыргыз Республикасындагы балдардын жана аялдардын абалына жасалган талдоого карата тыянактар жасалган. Докладдын анализинин негизинде аныкталган маселелердин баарын чечүүнү максат кылган ишмердүүлүктүн багытынын конкреттүү фокусу белгиленген. 

Докладды бул жерден окуй аласыз.