Басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар, ойлор жана басылмалар

  • Региондогу беш өлкөдөн дарыгерлер, психологдор, ВИЧ-инфекциясы бар балдарга жардам көрсөтүү маселесинде өз потенциалын жогорулатышты

    Бүгүн СПИД борборлорунун педиатрлары, социалдык кызматкерлери, психологдору үчүн эл аралык илимий-практикалык семинар өз ишин жыйынтыктады. Бул семинар ВИЧ-инфекциясы бар балдарды дарылоо, аларга кам көрүү жана колдоо маселелерине арналды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык “СПИД” борборунун, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириктирилген Программасынын (ЮНЭЙДС) колдоосу алдында өттү.

  • "МАПС" миссиясынын КР Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу

    Бүгүн, 2018-жылдын 29-июнунда, Бишкекте МАПС (Интеграциялоо, тездетүү жана саясатты колдоо) миссиясынын Премьер-министр Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү.

  • Кыргызстандын көп тараптуу жана туруктуу өнүгүүшүн колдоо максатында БУУнун атайын миссиясы Бишкекке келди

    25-июндан тартып 29-июнга чейин Джордж Баума мырза, Стамбул шаарында ПРООНдун аймактык борборунда туруктуу өнүгүү кластери боюнча аймактык топтун жетекчиси, башында турган МАПС миссиясы 2030-жылдын Күн тартибин натыйжалуу жана ырааттуу ишке ашыруу жөнүндө куралдар топтомун, жетектөөчү көрсөтмөлөрдү жана эксперттик билимди берүү үчүн, тиешелүү өкмөттүк ведомстволордун, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргелешкен бир катар жолугушууларды жана семинарларды өткөрөт.

  • «Жашоого кошул», БУУ БКБ кылмыштуулуктун алдын алуу шайманы катары спорттун күчү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча кампанияны баштоодо

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) менен өнөктөштүктө төрт социалдык, шыктандыруучу мүнөздөгү «Жашоого кошул» роликтерин жайылта баштады. Бул роликтер жаштарды спортко тартуунун маанилүүлүгүнө арналган.

  • Кыргызстандагы БУУ системасы бир жолку пайдалынуучу пластмасc буюмдардан баш тартат

    On June 14, 2018 the United Nations Country Team in Kyrgyzstan made a decision to stop using single-use plastics at meetings and events supported by the United Nations. We will work with hotels, service providers, and partners to urge them to follow our green policy. It is aimed at deepening environmental awareness about the major environmental challenges created by omnipresent global products, especially plastic bottles and plastic shopping bags.

  • Ала качуу жана жашы жете элек өспүрүм кыздарды турмушка чыгууга мажбурлоо тууралуу БУУнун билдирүүсү

    The United Nations System in Kyrgyzstan is concerned about the crime reported in the media when a victim of bride-kidnapping was murdered by her abductor.

  • “БУУнун Аялдар” түзүмүнүн долбоору аркылуу Кыргызстанда суу колдонгон 20 000 ашуун киши сугат сууга жетти

    Долбоор аялдарды жана жаштарды кошкондо өзгөчө муктаж адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана аларга шарт түзүүгө багытталган. Долбоордун жардамы менен алар айыл чарбасын туруктуу жана ийгиликтүү жүргүзүү жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу маселесин чечүүгө катыша алышты.

  • Балдар тууралуу маалыматтын купуялуулугун сактоонун мааниси жөнүндө ЮНИСЕФтин билдирүүсү

    Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жакында эле тартип бузууларга шектелип жаткан жашы жете электердин сүрөттөрү, аты-жөнү жана жеке маалыматтары жалпыга жарыяланганына тынчсыздануусун билдирет. КР Конституциясында жана БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясында каралган балдардын кызыкчылыктарын коргоо принциптерин жетекчиликке алуу менен, ЮНИСЕФ бийликти жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мыйзам менен тил табыша албай жүргөн балдар тууралуу маалыматтардын купуялуулугун бузбоого чакырат.

  • ЮНИСЕФ: Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстан калкынын 96% балдарды эмдөөнү колдойт

    Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси менен 23-апрелден 29-апрелге чейин Европалык иммунизациялоо жумалыгы өтүп жатат. Бул жумалык вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан ар бир адамдын корголууга болууга укуктары жана анын жоопкерчиликтери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

  • ЮНИСЕФ: Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 23 оорукана балдарга чукул жардам берүү жана ымыркайларды багып чоңойтуу үчүн медициналык жабдуу алышат

    Бүгүн “Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө” аттуу жаңы долбоордун бет ачары өттү. Ош облустук мамадминистрациясында өткөн иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун жетекчилери катышты.

  • ЮНИСЕФ: Сузак районунун мектеп окуучулары аймактарды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу жана бул багыттагы жетишкендиктери жөнүндө айтып беришет.

    iTalk – Бул жаштардын пикир айтышуу аянтчасы, ал жерде жаштардын регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги чечим чыгаруу процесстерине катышуусунун маанилүүлүгү талкууга алынат. Ошондой эле жаштар туруктуу өнүктүрүү максаттары локалдаштырууга жаштардын катышуусун талкууга алышат. Иш чарага Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев жана БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым дагы катышат.

  • ЮНИСЕФ: Баткенде жаш таланттардын кыргыз-өзбек фестивалы өтөт

    17-апрелден 20-апрелге чейин Баткен шаарында “Маданият – достуктун көпүрөсү” аттуу жаш таланттардын фестивалы өтүп жатат. Кыргыз-өзбек фестивалы БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Баткен шаарынан жана Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн жүздөн ашуун жаш таланттар эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө үчүн фестивалга катышып, Баткен шаарынын ажайып жайлары, маданияты жана музыкасы менен таанышат.

  • Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюууда коомдун мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртүү

    Кыргызстандагы аялдар жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган жаңы үч жылдык долбоор бүгүн 2018-жылдын 10-апрелинде Бишкекте старт алды. «Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү» жаңы долбоорунун баштапкы семинары аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюу жолдорун талкуулоо үчүн ЕБ жана БУУнун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт өкулдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту.

  • Эне-баланын ден соолугун бекемдөө жана баңгизатка көзөмөлдү күчөтүү үчүн Жапон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 миллион доллар берет

    Жапон Өкмөтү эки программаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 6,2 миллион доллар бөлөт. "Эл аралык кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы туруу" жана "Эне-баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө" деп аталган эки программаны БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) ишке ашырууда.

  • ЮНИСЕФ: ымыркайлардын өлүм саны боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат

    БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы отчетуна ылайык, дүйнө жүзү боюнча ымыркайлар арасында өлүм саны жогору бойдон кала берүүдө. Пакистан менен Ооганстанда жарык дүйнөгө келген ымыркайларга караганда Жапонияда, Исландияда жана Сингапурда төрөлгөн балдарда жашап кетүү шансы жогору. Ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеп, мисалы, Азербайжан жана Молдова өңдүү өлкөлөрдөн озуп чыкты. Кыргызстанда ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү 11.6 болду. Бул демек, 2016-жылы аман төрөлгөн миң баланын ичинен 86 ымыркай чарчап калган дегенди билдирет.

  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында семинар өткөрүү боюнча окуу куралы

    Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты. Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.

  • Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу көйгөйлөрүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларынын жыйнагы

    Бул жыйнакка гендердик зомбулуктун алдын алуу, ага таасир этүү жана аны токтотуу көйгөйлөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана эл аралык-укуктук документтерден үзүндүлөр, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып баруу жаатындагы милдеттерин бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акттары киргизилди. Жыйнак, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана угуучуларына, ИИМ, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине, юридикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, ошондой эле гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга кызыкдар окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө арналды.

  • ЮНИСЕФ: жаш куткаруучулар чукул кырдаалдарга реакция жасоо ыкмаларын өздөштүрүштү

    Бүгүн борбор калаадагы №5 мектептин окуучулары арасында алгачкы симуляциялык окуу өттү. Бир ай бою мектептин окуучулары жана администрациясы чукул кырдаал жаралганда эвакуациялоо көндүмдөрүн өздөштүрүшкөн. Ал эми жаш куткаруучулардын атайын тандалып алынган командасы дарыгер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренингден өтүшкөн.

  • Кыргызстан БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнүн колдоосу менен электрондук өкмөткө карай дагы бир кадам жасады

    6-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, БУУ тутумунун Туруктуу Координатору/БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонниа Ожиело мырза жана Япониянын КРдеги өкүлү Улуу Урматтуу Ёсихиро Ямамура мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 16 ыкчам комплексти (автомашинелерди) өткөрүп берүү аземине катышты. Атайын жабдуулары бар бул автомашинелер Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жна ыкчамдуулугун арттырууга көмөктөшөт.

  • ЮНИСЕФ: күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кошулат

    БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошулат. Жыл сайын 7-февралда белгиленип келген Бүткүл дүйнөлүк коопсуз Интернет күнүн утурлай ЮНИСЕФ ар бир жарым секундада бир бала Интернетке кирип, түрдүү мүмкүнчүлүктөргө, виртуалдык жеткиликтүүлүккө ээ болгондон тышкары ар кандай коркунучтарга да кабылаарын ырастайт. Мисалы, Интернетке биринчи жолу кошулган бала коркунучтуу сайттарга кирип кетиши ыктымал жана жеке маалыматын туура эмес учурларда колдонуп алышы ыктымал.