Тынчтык жана коопсуздук

  • Кыргызстан адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Өкмөттүн жаңы Программасын талкуулады

    Кыргызстан адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Өкмөттүн жаңы Программасын талкуулады

    БПК БУУ жана Кыргыз Мамлекеттик миграция кызматы 50 мамлекеттик кызматчыларды, кризистик борборлордун эксперттерин, жабыр тарткандарды колдоо топторун, МЭУ жана эл аралык уюмдарды Өкмөттүн Программасын жана 2017-2020-жылдарга карата адамдарды сатууга каршы аракеттердин Улуттук планын талкуулоого чогултту.

  • "Менин кирешелүү чарбам" колдонмосу

    "Менин кирешелүү чарбам" колдонмосу

    Менин кирешелүү чарбам китеби – бул бирдиктүү окутуу планы жана ресурсу, ал өзүнө экономика, биология жана географиянын кээ бир темаларын камтып, андан сырткары математика жана кол өнөрчүлүк сабактарын өтүүдө колдонмо катары колдонуу максатында жазылган. Менин кирешелүү чарбам бул 9-класстын, мектепти бүтүрөйүн деп калган окуучуларын, өндүрүмдүү жана кирешелүү өз алдынча иш алпарууга даярдоочу окуу куралы. Бул китеп окуучуларга чечим кабыл алууну үйрөнүүгө, чарбаны жана ишкананы натыйжалуу иштеткенге, эмне үчүн кээ бир чарбалар жана ишканалар ийгиликтүү, кээ бирлери ийгиликке жетпей калганын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  • Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу

    Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу

    «Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу алгач 2012-жылы иштелип чыккан жана акыркы компонентинин негизги элементи болуп саналат. “Менин Коопсуз жана Бейпил Мектебим” курсу 100дөн ашык мектепте Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты орнотуу фондунун тарабынан каржыланган «Тынчтыкты чыңдоо үчүн аны жактоочулардын чөйрөсүн жана өбөлгө түзүү» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбоордун алкагында ишке ашырылган жана Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Сууну акыйкаттуу пайдалануу бул – туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбордун алкагында 2016 жылдан ишке ашырылынып келет.

  • Эл аралык Тынчтык күнүнө карата кайрылуу

    Эл аралык Тынчтык күнүнө карата кайрылуу

    Жыл сайын Эл аралык Тынчтык күнүндө Бириккен Улуттар Уюму бардык тирешип жаткан тараптарды куралдарын таштап, глобалдык ок атышууну 24 саатка токтотууга үндөп келет. Согуштук аракеттерсиз өткөн бир күн жаңжалдарды токтотууга мүмкүн болгону жана бул зарыл экени тууралуу мыкты эскертүүнүн символу.

  • Кыргызстанда БУУ-Аялдардын “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары тартууланды

    Кыргызстанда БУУ-Аялдардын “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары тартууланды

    Эл аралык Тынчтык күнү, бардык өлкөлөр жана элдер арасында тынчтыктын идеяларын бекемдөө күнү Бишкек шаарындагы “Хаят-Реженси” мейманканасында “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары боюнча конференция өттү. Ага мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, БУУ агенттиктеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоорду БУУнун Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу алдында Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар Өлкөлүк кеңсеси уюштурду.

  • Жер жүзүндө акыйкаттыкты жана бекем тынчтыкты сактоо үчүн секелек кыздарга инвестиция жумшоо зарыл

    Жер жүзүндө акыйкаттыкты жана бекем тынчтыкты сактоо үчүн секелек кыздарга инвестиция жумшоо зарыл

    Айрым кыздар үчүн өспүрүм кез – бул өз алдынча баамдоонун, дүйнөнү жаңыча таануунун жана улам көбөйүп турган көз карандысыздыктын убагы. Бирок көптөгөн башка секелектер үчүн бул укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн ажыраган, же ачык кодулоого дуушар болгон өзгөчө аярлуу учур.

  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Разаков Жеңиш Парпиевичтин  20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

    Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жеңиш Парпиевичтин 20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

    Урматтуу айымдар жана мырзалар, Менин атым Разаков Жеңиш Парпиевич, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүмүн. Бүгүн дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк качкындар күнү белгиленип жатат. Кыргыз Республикасы качкындардын маселелерине байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерин так аткарып жатат деп сыймыктануу менен айталам. 1996-жылы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына кошулгандан соң, 2002-жылы Борбордук Азияда алгачкы болуп Кыргыз Республикасы качкындар жөнүндө мыйзам кабыл алган.

  • АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бөлүм жетекчилери менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулоону улантышат

    АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бөлүм жетекчилери менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулоону улантышат

    18-22-апрель күндөрү Бишкекте АКШнын Юстиция министрлигине караштуу Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча башкармалыктын Окуу департаментинин эксперттери баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы укук бузууларды тергөө боюнча окуу курстарын улантышат. Бул ирет курстарга КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын, Мамлекеттик Бажы кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм жетекчилери катышат.

  • АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулашат

    АКШдан келген эксперттер Кыргызстандын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу усулдарын талкуулашат

    11-апрелден 15-апрелге чейин Бишкекте АКШнын Юстиция министрлигине караштуу Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча башкармалыктын Окуу департаментинин эксперттери КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрү жана оперативдик кызматкерлери менен баңгизатты көзөмөлдөө жаатындагы укук бузууларды тергөө боюнча алдыңкы тажрыйбасы менен бөлүшөт.

  • МКМК жана ИИМ баңгилик жана маңзаттарды жүгүртүү менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүү боюнча регламентке кол коюшту

    МКМК жана ИИМ баңгилик жана маңзаттарды жүгүртүү менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүү боюнча регламентке кол коюшту

    Бишкекте КР Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат (МКМК) менен КР Ички иштер министрлиги (ИИМ) ортосунда өз ара аракеттенүү боюнча регламентке кол коюу аземи өттү. МКМК төрагасы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, баңгиликти болтурбоо жаатындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана маңзат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө эффективдүү каршы турууну уюштуруу максатында бул регламентке кол коюлуп жатат.

  • АКШнын жана Кыргыз Республикасынын эксперттери жаңы маңзат каражаттарына каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшөт

    АКШнын жана Кыргыз Республикасынын эксперттери жаңы маңзат каражаттарына каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшөт

    4-5-апрель күндөрү Бишкекте АКШнын Маңзат менен күрөшүү боюнча агенттигинин (DEA) эксперттери синтетикалык маңзат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана маңзат саткан кылмышкерлерди издөөдө, жоопко тартууда көйгөйлөрдү чечүүдө тажрыйбалары менен бөлүшөт.

  • Кыргызстандагы кылмыштуулук: сандар эмнелерден кабар берет?

    Кыргызстандагы кылмыштуулук: сандар эмнелерден кабар берет?

    БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 2015-2019-жылдарга Программасынын алкагында БУУ БКБ кылмыштуулук жана маңзаттар жаатындагы статистикалык маалыматтарды чогултуу, жайылтуу жана колдонуу боюнча улуттук өнөктөштөрдүн потенциалын бекемдөө багытында иш алып барат. БУУ БКБ тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнө көрсөтүлгөн бул жардам кылмыштуулукту алдын алуу жана жазыктык сот адилеттиги чөйрөсүндө тийиштүү саясатты иштеп чыгуу максатын көздөйт.

  • Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы күч түзүмдөрү ортосундагы кызматташтык

    Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы күч түзүмдөрү ортосундагы кызматташтык

    Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) байланыш боюнча офицери Нурланбек Базарбаев Тажикстанда өз милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу Тажикстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин (БКА) коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү кабарлады.

  • Сот экспертизасынын жаңы лабораториясынын курулушу – укук үстөмдүгүн күчөтүү пайдубалына коюлган алгачкы таш

    Сот экспертизасынын жаңы лабораториясынын курулушу – укук үстөмдүгүн күчөтүү пайдубалына коюлган алгачкы таш

    2016-жылдын 10-мартында Кыргызстандын ордо калаасында сот экспертизасынын жаңы лабораториясынын курулушу үчүн алгачкы таш коюу аземи өттү. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги ортосундагы укук үстөмдүгүн күчөтүүгө багытталган өнөктөштүгүнүн жаңы чегине жетүүнүн символу болуп калды.

  • Заманбап шарттарда милиционер аялдардын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги

    Заманбап шарттарда милиционер аялдардын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги

    Үстүбүздөгү жылдын 3-4-март күндөрү Бишкек шаарында “Заманбап шарттарда милиционер аялдардын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги” конференциясы өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Милиционер аялдар ассоциациясынын түзүлгөнүнүн жана анын Эл аралык Полиция аялдар ассоциациясына мүчө болгонунун беш жылдыгына карата өткөрүлдү. Конференция ЕККУнун Бишкектеги Борборунун, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ МКБ), БУУнун Өнүгүү программасынын (ПРООН) жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун көмөгү менен уюштурулду.

  • КЖКБ чек ара кызматынын окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө

    КЖКБ чек ара кызматынын окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө

    28-октябрдан 30-октябрга чейин БУУ КЖКБ Чек ара кызматынын жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын инструкторлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө. Тренинг качкындарды коргоонун зарыл болгон деңгээлин камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.