Ден соолук жана туура тамактануу

  • 2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

    Чоң адамдар арасында ВИЧ илдетин жуктургандардын санынын азайышы токтоду. ЮНЭЙДСтин "Prevention gap" отчетунда дүйнө жүзү боюнча жыл сайын болжол менен 1,9 миллион адамда ВИЧ илдети аныкталып жатканы айтылат. Акыркы беш жылда айрым региондордо ВИЧ илдетин жуктургандардын саны өстү. Отчетто белгиленгендей, 2030-жылга СПИД эпидемиясын болтурбоо максатында ВИЧти алдын алуу боюнча аракеттер күчөтүлүшү керек.

  • Акушерлер – аялдардын, секелек кыздардын жана ымыркайлардын саламаттыгына кам көргөн каармандар

    Эл аралык акушерлер күнү ЮНФПА (БУУнун Калк фонду) кээде өтө оор жагдайларда, алыскы айылдарда, гуманитардык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда, туруксуз жана жаңжалдар токтобогон өлкөлөрдө аялдардын, секелек кыздардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактап келаткан акушерлердин салымын өзгөчө баалагысы келет.

  • ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

    1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү алдында көптөгөн мектептерде ВИЧти алдын алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоону болтурбоого арналган сабактар жана атайын иш-чаралар өтөт. Мугалимдерге жана өсүп келаткан муундун саламаттыгы менен бакубатчылыгына кам көргөн бардык адамдарга жардам катары ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ЮНЕСКОнун БМТИ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Аймакты колдоо тобу (ЮНЭЙДС) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү (ЧЕБА) үчүн Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧти алдын алуу тууралуу видеосабак даярдашты. Белгилүү болгондой, Вера Брежнева – ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси.

  • Өлкөлөр “Европа региону безгектен эркин аймак” деген статусту сактап калуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу ниетин тастыкташууда

    Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионуна кирген безгек оорусу кайтып келүү тобокелдиги бар өлкөлөрү бул аймактын безгектен эркин деген статусун сактап калуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу ниетин тастыкташты. Ушул эле өлкөлөр 2005-жылы Ташкент декларациясына да кол коюшкан болчу.

  • Айыз жөнүндө кеп

    Айрым кыздар аябай азап чегишет, айрымдары өз жанын кыюуга чейин барат. Эмнеге? А мунун баары айыз келе баштагандан улам болот. Кыргызстанда көптөгөн кыздар бул тууралуу билишпейт, аларга бул тууралуу эч ким айтпайт жана алар өз коркунучу менен жападан жалгыз калат.

  • Жер жүзүндө акыйкаттыкты жана бекем тынчтыкты сактоо үчүн секелек кыздарга инвестиция жумшоо зарыл

    Айрым кыздар үчүн өспүрүм кез – бул өз алдынча баамдоонун, дүйнөнү жаңыча таануунун жана улам көбөйүп турган көз карандысыздыктын убагы. Бирок көптөгөн башка секелектер үчүн бул укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн ажыраган, же ачык кодулоого дуушар болгон өзгөчө аярлуу учур.