Гендердик теңдик

  • “БУУнун Аялдар” түзүмүнүн долбоору аркылуу Кыргызстанда суу колдонгон 20 000 ашуун киши сугат сууга жетти

    Долбоор аялдарды жана жаштарды кошкондо өзгөчө муктаж адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана аларга шарт түзүүгө багытталган. Долбоордун жардамы менен алар айыл чарбасын туруктуу жана ийгиликтүү жүргүзүү жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу маселесин чечүүгө катыша алышты.

  • Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюууда коомдун мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртүү

    Кыргызстандагы аялдар жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган жаңы үч жылдык долбоор бүгүн 2018-жылдын 10-апрелинде Бишкекте старт алды. «Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү» жаңы долбоорунун баштапкы семинары аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюу жолдорун талкуулоо үчүн ЕБ жана БУУнун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт өкулдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту.

  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында семинар өткөрүү боюнча окуу куралы

    Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты. Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.

  • Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу көйгөйлөрүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларынын жыйнагы

    Бул жыйнакка гендердик зомбулуктун алдын алуу, ага таасир этүү жана аны токтотуу көйгөйлөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана эл аралык-укуктук документтерден үзүндүлөр, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып баруу жаатындагы милдеттерин бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акттары киргизилди. Жыйнак, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана угуучуларына, ИИМ, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине, юридикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, ошондой эле гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга кызыкдар окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө арналды.

  • Жумабаева: Насыя үчүн кызын күйөөгө бергендер бар

    Бүгүн дүйнөдө БУУнун күнү белгиленип жатат. Быйыл Кыргызстандын аталган уюмга мүчө болгондугуна 25 жыл толду. Ушул мезгил аралыгында Улуттар Уюму гендер, аялдар укугун коргоо, зомбулукка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн иштерди жүргүзүп, бир катар ийгиликтерге жетти. "Азаттык" радиосу Кыргызстандагы гендер, аялдар укугу боюнча БУУнун Аялдар программасынын "Зомбулукту бирге токтотобуз" кыймылынын мүчөсү, гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеваны кепке тартты.

  • Элеттик аялдардын өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине катышуусун камсыздоо максатында элеттик аялдардын аткаруу бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусу

    Бүгүн, 19 июньда, КР Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт Аппаратынын жетекчилиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтеринин жана башка аткаруу бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда, Кыргызстандын бардык региондорунан келген 100дөн ашык элеттик активист аялдардын жолугушуусу болуп өттү.

  • #СуперАта: балдардын эрте куракта өнүгүүсүндө аталардын маанилүү ролун баса көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштады

    БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 9-июну. – БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын эрте куракта өнүгүүсүндө аталардын маанилүү ролу тууралуу өнөктүктү баштады. Дэвид Бекхэм, Шакира менен Жирар Пике, Хью Джекман жана Кыргызстандын белгилүү аталары Мирбек Атабеков, Жанар Акаев, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдразаков, Семетей Султанов #СуперАта #Алгачкы күндөрдөн баштап демилгесине кошулушту.

  • Элеттеги аялдын турмушунан көз ирмем

    Бул китепче “Кыргызстандагы элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу биргелешкен долбооруна катышкан аялдардын жана эркектеридин ой-пикирлери жана тажрыйбалары жөнүндө баяндайт. Долбоор – БУУнун Аялдар түзүмүнүн, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (ДАП) жана Айыл чарба өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (АӨЭФ)биргелешүүсүндө уюштурулган глобалдык демилге. Кыргызстанда бул долбоор 2014-жылдын ноябрь айынан тартып аталган агенттиктеринин дүйнөлүк тажрыйбаларын айкалыштыруу менен ишке ашырылууда.

  • Sputnik баш редактору БУУнун долбоорунун алкагындагы видео көпүрөгө катышат

    ЖМКлардагы гендердик теңдик башкы темасы болгон видео көпүрөгө эл аралык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун баш редактору Маргарита Симоньян катышат. БУУнун системасындагы эң ири уюмдардын бири болгон — Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын бул иш-чарасына агенттик өнөктөш болууда.

  • 2017-жылдын 8-марты – Эл аралык Аялдар күнүнө карата “БУУ-аялдар” структурасынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлүнүн кайрылуусу

    8-март – Эл аралык Аялдар күнүнө карата жолдоп жаткан кайрылууда “БУУ-аялдар” структурасынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү аялдарды жана кыздарды майрамы менен куттуктап, ар бир эркекти жана аялды үйдө да, коомдук турмушта да аялдар менен кыздардын укуктарын колдоого, өнүккөн жана акыйкат Кыргызстанды түптөөгө толук кандуу катышуусуна шарт түзүп берүүгө чакырат.

  • "Менин кирешелүү чарбам" колдонмосу

    Менин кирешелүү чарбам китеби – бул бирдиктүү окутуу планы жана ресурсу, ал өзүнө экономика, биология жана географиянын кээ бир темаларын камтып, андан сырткары математика жана кол өнөрчүлүк сабактарын өтүүдө колдонмо катары колдонуу максатында жазылган. Менин кирешелүү чарбам бул 9-класстын, мектепти бүтүрөйүн деп калган окуучуларын, өндүрүмдүү жана кирешелүү өз алдынча иш алпарууга даярдоочу окуу куралы. Бул китеп окуучуларга чечим кабыл алууну үйрөнүүгө, чарбаны жана ишкананы натыйжалуу иштеткенге, эмне үчүн кээ бир чарбалар жана ишканалар ийгиликтүү, кээ бирлери ийгиликке жетпей калганын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  • Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу

    «Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу алгач 2012-жылы иштелип чыккан жана акыркы компонентинин негизги элементи болуп саналат. “Менин Коопсуз жана Бейпил Мектебим” курсу 100дөн ашык мектепте Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты орнотуу фондунун тарабынан каржыланган «Тынчтыкты чыңдоо үчүн аны жактоочулардын чөйрөсүн жана өбөлгө түзүү» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбоордун алкагында ишке ашырылган жана Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Сууну акыйкаттуу пайдалануу бул – туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбордун алкагында 2016 жылдан ишке ашырылынып келет.

  • “Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

    Бала чагыбыздагы ыр саптары эсиңиздеби? – “Биздин кыздар-кызгалдактар, эмнеден, эмнеден жасалган? Гүлдөрдөн, коңгуроо гүлдөрдөн”. Бүгүнкү күндө кыздар өлкөнүн өнүгүүсүнө толук кандуу катышууда. Буга мисал катары милицияга жардам берген секелек кыздарды келтирсек болот жана мында аларды гүлдөргө салыштыруу орунсуз болчудай.

  • Кыргызстан – Түркмөнстан футбол матчы эл аралык Кыздар күнүнө арналды

    Бүгүн саат 20:30да “Спартак” стадионунда Кыргызстан менен Түркмөнстан улуттук курама командалары ортосунда жолдоштук матч өттү. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) КР Футбол федерациясы менен биргеликте бул оюнду бүгүн дүйнө жүзү боюнча белгиленип жаткан эл аралык Кыздар күнүн майрамдоого арнады.

  • Аял менен эркектин бирдей көрсөтүлүшү чечим кабыл алууда тең укуктуулукту билдирет

    2016-жылдын 6-7-октябрь күндөрү “Саясий партиялардын гендердик рейтинги: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечеги” аттуу эки күндүк семинар өттү. Семинар Румыния Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

  • Кыргызстанда БУУ-Аялдардын “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары тартууланды

    Эл аралык Тынчтык күнү, бардык өлкөлөр жана элдер арасында тынчтыктын идеяларын бекемдөө күнү Бишкек шаарындагы “Хаят-Реженси” мейманканасында “Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин жана өбөлгөлөрдүн чөйрөсүн түзүү” долбоорунун жыйынтыктары боюнча конференция өттү. Ага мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, БУУ агенттиктеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоорду БУУнун Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу алдында Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар Өлкөлүк кеңсеси уюштурду.

  • Кыргызстандык аялдарга саан уйлар жана айыл чарба техникасы берилди

    Өткөн аптада Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жашаган элеттик аялдар 54 баш саан уй алышты. Бодо мал, ошондой эле бир нече айыл чарба техникасы менен камсыздоо Шейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосунун арты менен мүмкүн болду.

  • Эч ким көңүл сыртында калбаш керек – гендердик теңдик жана социалдык адилеттүүлүк принциптеринин негизинде ТӨМдү баалоо

    Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан да 2030-жылга чейин Туруктуу Өнүгүүнүн 17 Максатын өз өлкөсүндө жайылтууга жана аларга жетүүгө милдеттенген. Бул тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн максаттарды өлкө жарандарынын керектөөлөрүнө жооп бере тургандай локалдаштыруу өтө маанилүү.

  • Гендер маселелери үчүн жооптуу мамлекеттик кызматчылар Кыргызстанда гендердик теңдикти илгерилетүү жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында өз билимдерин жогорулатышты

    2016-жылдын 21-июлунан 27-июлуна чейин “Аврора” санаторийинде “Тынчтык жана өнүгүү” Гендердик жайкы мектеп өтүп, ага министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн гендер маселелери үчүн жооптуу адистери катышты. Мектептин максаты – мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүндө потенциалды жана гендердик сезгичтигин жогорулатуу, Кыргыз Республикасында гендердик теңдикти илгерилетүүдө жарандык коом менен аракеттерди бириктирүү.

  • Кыздардын үнүн угуңузчу!

    2016-жылы Дүйнөлүк Калк күнү “Секелек кыздарга инвестициялоо” деген тема алдында белгиленди. Бул күнү БУУнун Калк фонду – ЮНФПА коомчулуктун көңүлүн секелек кыздардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына бурду. Анткени дүйнө жүзү боюнча секелек кыздарда бул курактагы балдарга салыштырмалуу көйгөйлөр көбүрөөк болот. Тилекке каршы көпчүлүк өлкөлөрдө секелек кыз турмушка чыгууга, кош бойлуулукка жана төрөткө даяр деп эсептелинет. Анткен менен баланын организми мындай стресске даяр эместигин түшүнгөндөр аз.