Кыргызстандагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын жаш элчилери

ТӨМ 1 

Рахманжан Каниев, 19 жашта, Бишкек

+996 703 276 936, rakhmanzhankaniev@gmail.com

Мен, мамлекеттин  келечегине кайдыгер карабаган өкүлдөрүнүн биримин. Θлкөдө кандай гана суроолор же көйгөйлөр болбосун өзүмдүкү деп санап,  аларды чечүүгө даярмын. Мамлекеттин бүгүнкү өнүгүү этабында көптөгөн тапшырмалар турат. Алардын бири болуп кедейлик эсептелинет. Менин оюмча, өлкөнүн ар бир жаранынын келечекте сак-саламат, көз карандысыз жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүгү болуусу керек. Мамлекет гана эмес, анын ар бир өкүлү суверендүү болушу шарт! Бул биздин жолубуз.

Ажар Рустамова, 18 жашта, Бишкек

+996 703 008 220, azharrustamova@gmail.com  

Мен FLEX-2019 программасынын бүтүрүүчүсү жана феминисткамын. Айлана-чөйрөнү сактоо үчүн күрөшүп келем. Мени Кыргызстандагы кедейлик көйгөйү ойлондурат. Америка борборунда англисче сүйлөшүү клубун жүргүзүп келем. Жана ошондой эле ыктыярчылык  жана коомдук иштер менен алектенем. Азыркы жеке проекттер үстүндө иштеп жатам.

ТӨМ 2 

Касиет Азаматова, 21 жашта, Бишкек

+996 706 402 611, kasietazamatova@gmail.com 

Мен Кыргыз-орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студентимин. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Азыр болсо испан тилин үйрөнүүдөмүн. FLEX 2015-2016 программасынын бүтүрүүчүсүмүн. Бош убактымда ыктыярчылык менен алектенем. Башка адамдар сыяктуу эле мени да өлкөбүздөгү кедейлик, ачкалык, жумушсуздук көйгөйлөрү жана жаратылышта болгон өзгөрүүлөр менен байланышкан көп көйгөйлөр ойлонтуп келет. Себеби, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын бага албай жатканын жана көптөгөн жаштардын окууну бүткөн соӊ, кесиби боюнча жумуш таба албай чет өлкөлөргө жумуш издеп кетип жаткандарын көрүп жүрөм. АКШда болгон ыктыярчылык иш-чараларында мектеп-окуучуларынын үйсүз адамдарды бир жерге чогултуп алып тамак-аш берген проектин жолуктурдум.  Биз деле Кыргызстанда ушул сыяктуу проекттерди жаратсак болот эле. Ошондой эле мага шаар тургундарынын керексиз болгон кийимдерин, буюмдарын чогултуп,аны адамдарга арзан баада сатып, түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшай турган идея келип турат.

Айдана Эрматова, 20 жашта, Бишкек

+996 778 087 004, ermatova_a@auca.kg 

Мен экономика жана экологияны окуймун. Экологиялык билимдерге экономикалык методдорду тиркеп, келечекте туруктуу өнүгүүгө жардам бере турган методдорду издөөгө умтулам. ТθМдүн өкүлү болуш мен үчүн- өзүм иштей турган тармакты тереӊирээк изилдөө, башкаларды туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен таныштыруу болуп саналат. Себеби, биз буларды билип эле тим болбостон, кийинки урпактарга да жайылтышыбыз керек.

ТӨМ 3 

Акылбек Бакытов, 19 жашта, Бишкек

+996 703 991 207, bakytov.akylbek@gmail.com

Мен дайыма жаӊы нерселерди үйрөнүүгө жана кайдзен методикасын күнүмдүк жашоомдо эле эмес,жумушумда да  колдонууга аракеттенген, активдүү студентмин. Кызыл Ай Коомундагы ыктыярчылардын лидеримин. Бул коомдун Кыргызстандагы маалыматтык сессиялары боюнча ыктыярчылардын калк менен иш жүргүзүүлөрүн координациялайм.  Бул сессияларда биз Кыргызстанда актуалдуу болгон- ВИЧ/СПИД, туберкулез, сексуалдуу-репродиктивдүү ден соолук, жер титирөө ж.б. темалар боюнча маалымат беребиз. Ошондой эле мен биринчи тез жардам боюнча инструктормун. 

ТθМдүн өкүлү катары эӊ негизги мотивациям деп буга чейинки тажрыйбамды жайылтуу менен гана чектелбестен, дагы да жаӊы нерселерди үйрөнүүнү эсептейм. 

Азат Дилдебеков, 18 жашта, Бишкек

+996 709 379 090; +996 773 428 880, dildebekovazat@gmail.com

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында дарылоо иши боюнча 1-курсунда окуймун. Баскетбол,сүрөткө тартуу, психология менен алектенем. Θзүмдөн пайдалуу өзгөрүүлөрдү киргизе ала турган,эн маанилуу этап болгондугу үчүн ТθМдүн өкүлү болууну чечтим. Коомго тез жана  туура багыт боюнча өнүүгүсүнө жардам берүүнү каалайм. Элчи катары ден соолукта жашоонун образы менен байланышкан проекттерди ишке ашырууну пландап жатам. Медицинага канчалык сүӊгүп кирген сайын, ошончолук көп проекттерди сунуштай алаарыма ишенип турам. Туруктуу θнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн салмактуу салым кошом деп ишенем.

ТӨМ 4 

Эркинай Омурзакова, 18 жашта, Бишкек

+996 772 638 393, omurzakova_e@auca.kg  

Биз жашаган планета бизге чейинки ата- бабаларыбыздан  аманат болуп калган . Ал Эми аманатка кыянаттык кылбоо  керек. Кийинки муунга биз да жашоого ынгайлуу , таза планеты аманат кылып калтыруубуз  шарт . Мына ошондуктан мен ТӨМ жаш Элчиси болууну чечтим. Себеби мен билем , мына ушул жол менен  гана планетабызда козголуп жаткан койгойлор менен таанышып, кантип чечуу жолдорун уйронуп жана да оз идеяларым менен болушуп  , тезирээк иш жузуно ашыра алам.                                   

 Жай  айында US Embassy тарабынан  колдоо корсотулуп, Жалал-Абад  Америка ордосу тарабынан уштурулган " Summer  English, Tech and ECO camp"те волонтёр болуп иштедим.  Бул лагерден озумо керектуу коптогон нерселерди уйроно алдым жана дагы да алдыда  коптогон пландар пайда болду .

 Негизинен ТӨМ бардык максатын  колдойм жана бардык Максаты менен иш алып баргым  келет . Бирок кобуроок 4-максатты колдойм . Себеби  бир олкону жок кылуу учун атом бомбасынын же согуштун кереги  жок . Жон гана ал олконун билим денгээлин тушуруп койсо, озунон-озу  жок болот . Себеби билимсиз дарыгердин колунан канчалаган жарандар Каза болот.  Билимсиз мугалим келечек ээлерин татыктуу тарбиялай албайт .Эгер билим денгээлибиз  которулсо , башка койгойлорду чечуу алда канча женил болот .

"Максаты жок адам , багыты жок кайык сымал"- демекчи, бул жашоодо багыты жок кайык сымал калгым  келбейт.

Айгуль Канторо кызы, 24 жашта, Нарын

+996 703 933 732, aigul.kantoro@gmail.com

Сапаттуу билим алуу адамдардын жашоосун жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга негиз болуп берет. Мен Борбор Азиядагы мамлекетти башкаруу жана саясат институтунун магистердик программасынын бүтүрүүчүсүмүн. ТθМ мен үчүн приоритет болуп саналат. Себеби, билим алуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Билим алуу адамдардын, үй-бүлөлөрдүн дегеле коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө стимул болуп берет. ТθМдү алдыга жылдырууда мен билим алууга болгон мүмкүнчүлүктүн ар тараптуу, бардык деӊгээлде өнүгүшүнө,мектеп окуучуларына, айрыкча, кыздарга жана аялдарга таралышына салым кошкум келет.

ТӨМ 5 

Гулзат Алагоз кызы, 22 жашта, Бишкек

+996 703 124 683, gulzat.krsu14@gmail.com

Мен Алагоз кызы Гулзат 22 жаштамын. Бишкек шаарында тарых сабагынан мугалим болуп иштейм.

Асел Кубанычбекова, 23 жашта, Бишкек

+996 777 020 897, ase.kubanychbekova@gmail.com

Жаштардын укуктары жана сексуалдык-репродиктивдүү ден соолук областы боюнча активист болуп жүрүп, кыздарга жана аялдарга, алардын ден соолугуна болгон теӊсиздикти азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу маанилүү экенин түшүндүм. Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жайылткан социалдык проекттерди жана энелердин өлүмүнүн рисктерин азайуусу үчүн социалдык иш-чараларды жүргүзгөм. Акыркы бир нече жылдан бери ишкерликти өнүктүрүү тармагында ж.о.е кыздардын потенциалдарын реализациялашы,алардын укуктары боюнча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга активдүү басым жасап келем. Θлкөдө ситуация ыйлай турган акбалда калууда жана тез арада көйгөйлөрдүн чечилишин талап кылууда. Ошондуктан мен үчүн туруктуу өнүгүүнүн максаттары аябай маанилүү. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары коюлганы менен, миӊдеген жылдардан бери ага жетишпей келгенибизди билебиз. Ошондуктан биргелешип максатка жетишүү, инновациондук жана креативдүү жолдорун киргизүү маанилүү болуп турат. Ошентип, инноваторлордун муунунун өкүлү, эӊ башкысы жаш жаран болгонум  үчүн ТθМдүн жаш элчиси катары өзүмүн маанилүү салымымды кошкум келет.

ТӨМ 6 

Айбек Асанов, 21 год, Бишкек

+996 550 108 183, +996 700 073 505, aibekasanov21@gmail.com

Мен Кыргыз-орус Славян Университетинин эл аралык мамилер бөлүмүнүн 4 курсунун студентимин. Бош убактымда китеп окуйм, ыктыярчылык, спорт, дебат менен алектенем. Мына ушул нерселер менин характеримди түзүп, кыйын учурларда сынып калбоомо көмөкчү болот. Эмне үчүн ТθМдүн элчиси болууну чечтим? Мен жашоону алдыга жылуу деп эсептейм. Биздин ар бир кыймыл-аракетибиз башкаларга таасир бере алат, ситуацияларды өзгөртүү менен бирге, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чече алат. А ТθМдүн элчисинин статусу магаадамдарга жардам берүүмө, идеяларды киргизүүмө жана өлкөмдүн өнүгүшүнө салымымды кошуума жардам бере алат. Менин көз карашым боюнча, азыркы күндүн эӊ негизги проблемасы - адамдардын суу ресуртарын рационалдуу колдонбошуу жана санитариянын элементардуу эрежелерин билбегендиги. Мен ошондой эле жаштардын жарандык жоопкерчилигин көтөрүүгө багытталган “2020”  аттуу проекттин жаратуучуларынын биримин. Биз 2020-жылы боло турган шайлоого жаштардын көӊүлүн бурдурууну каалайбыз. Жаштардын келечекти өзгөртө алышына ишенем, дал ошондуктан ТθМдүн өкүлү болдум.

Кайрат Орозалиев, 20 жашта, Каракол

+996 700 935 525, orozaliev2498@gmail.com

Мен Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер бөлүмүнүн студентимин. Ошондой эле Кызыл Ай коомунун ыктыярчысымын. Суу-биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болгондугу үчүн, алтынчы туруктуу максат таза сууга жана санитарияга багытталган. ТθМдүн элчисинин статусу мага таза суунун баалуулугун регионалдык жана республикалык деӊгээлде элди кабардар кылуума жардам берет.

ТӨМ 7 

Александр Коротенко, 17 лет, Бишкек

+996 557 219 041, sasha.bishkek@mail.ru

Күнүмдүк жашоодо бизди тез-тез конкуренция кылууга мажбур кылып жатышат. А мен болсо,Жердеги жашоонун сакталышы үчүн чогуу көйгөйлөрдү чечүүнү жана биргелешип иштөөнү ойлогум келет. ТθМдүн элчиси болуу мен үчүн-глобалдуу ойлонуу,өлкө, шаар, район, дегеле класс деӊгээлинде аракет кылуу болуп саналат. Улуулук-кичинекей нерседе. Ар бирибиз өзүбүздөн баштап, дүйнөнүн өнүгүшүнө салым кошо алабыз.

Саидахрор Ходжаев, 18 жашта, Ош

+996 553 233 348, saidakhror27@gmail.com

Мен Ош мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти жана ЮНИСЕФ уюмунун активдүү ыктыярчысымын. Футбол менен алектенген жагат. ЮНИСЕФте негизинен жаш балдар менен иштешебиз. Мага бул нерсе аябай жагат жана жакшы иштейм. Чоӊойуш убактысы келди деп, өзүмдү ТθМдүн элчиси катары сынап көрүүнү чечтим. Мага бул нерсе чынында эле ырахат берет, мен муну эӊ негизги критерий деп эсептейм. Адамдарга чоӊ жардам беришим, алардын жашоосун кичине болсо да жакшы жакка өзгөрткөнүм мага мотивация берет.

ТӨМ 8 

Алчынбек Бадилбек уулу, 23 жашта, Бишкек

+996 702 403 969, alchynbek.b@gmail.com

Планетабыздын саламат болушу үчүн чечишибиз зарыл болгон өтө маанилүү проблемалар бар. БУУнун жардамы менен көптөгөн иштер жасалды,азыркы күндө кабылып жаткан жана жакынкы  келечекте кабылышыбыз мүмкүн болгон глобалдык проблемалар аныкталды. Алар менен кошо теӊсиздик, кедейлик , айлана-чөйрөнүн булганышы, тынчтык жана адилеттүүлүк, климат менен байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр аныкталды. Демек, туруктуу өнүгүүнүн макматтары мыкты жана туруктуу келекчекке жетишишибиздин негизи болуп саналат. Ошондуктан буларды түшүнүп билүү, ТθМдүн өкүлү болуу мен үчүн сыймык. Бул программада катышуу мен үчүн өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган, өздөрүнүн көз карашы болгон, прогрессивдүү жаштар менен таанышуума мүмкүнчүлүк түзүп берет. Ушундай жаштар менен актуалдуу көйгөйлөрдү талкулоо мага мурунтан жагып келген.Жаштар-өлкөбүздүн келечеги экенибизге толук ишенем. Себеби, биз бир нече жылдардан кийин жаш специалисттер катары улуттук чарбага, башкармалыкка келишибиз толук мүмкүн. Биргеликте биз дүркүрөп өнүккөн, ИДПсы жылына 7%га көбөйүп турган, жарандары татыктуу, мүмкүнчүлүктөрүн канааттандырган жумуш менен камсыз болгон, кедейлик жок болгон, орто жана кичи бизнес өнүккөн өлкөлөрдүн бири болушуна жардам бере алабыз.

Нурайым Шамырканова, 26 жашта, Бишкек

+996 555 261386, shamyrkanova.nuraiym@gmail.com

Мен, жаштардын потенциалын жогорулаткан жана алар менен бирдей диалог түзгөн Борбордук Азиядагы организация IDEAнын программдык специалистимин. Менин ишим-бул менин миссиям, ал мага аябай жагат. Анан дагы мен футбол матчтарын көргөндү жактырам. Мен өзүмдү жашоодо активдүү позициясы бар адам катары санаймын. Мени коомдун социалдык, экономикалык, политикалык проблемалары ойлондурат. Бүгүнкү күндө жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр жок, билим берүү системасы жумуш рыногундагы талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан, жаштар үчүн экономиклаык мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу актуалдуу суроо болуп келет. Биздин организациянын күч-аракетинин көпчүлүгү жаштардын потенциалын жогорулатууга багытталган. Биз тажрыйбаларыбыз менен бөлүшөбүз, чечим кабыл алуу процесстеринде жаштардын катышуусуна дем беребиз.

ТӨМ 9 

Асель Омуралиева, 24 жашта, Бишкек

+996 555 363 306, asel.omu@gmail.com

Учурдагы көйгөйлөрдү жаңы муунга жеткиликтүү инструменттер аркылуу жайылтууда жана аларды чечүүдө жарандардын ролун активдештирүүдө ТӨМдүн элчиси болуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. ТӨМдүн Сапаттуу билим максатын жайылтууда 2015 жылдан баштап социалдык долбоорлордо катышып мектептерде бир топ иш-чараларды өткөргөнбүз.

Азыркы учурда менин максатым жамааттарда туруктуу инфраструктураны түзүүдө жана ар бир адамга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоодо активдүү катышуу.

Элина Осмоналиева, 20 жашта, Бишкек

+996 709 734 837, +996 771 050 710, +996 703 180 694, elin.osmonalieva@gmail.com

Мен студентмин. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары- ар бирибиздин жоопкерчилигибиз! Эгер биз бардык нерсебиз жетиштүү, бири-бирибиз менен тынчтыкта жашагыбыз келсе, 2030дун чакыруусун(Повестка 2030) ар бирибиз билишибиз абзел. Θлкөнүн социалдык жана экономикалык стабилдүүлүгү шаарлардын жана айылдардын инфраструктурасынын өнүгүш сапатынан көз каранды экенин билем. Ошондуктан мен коркпостон Туруктуу өнүгүүнүн өкүлү болууну тандайм!

ТӨМ 10 

Жаныбек Ахматов, 23 жашта, Токмок

+996 702 751 016, ahmatov.janybek@gmail.com

Мен Борбордук Азия Эл аралык  Университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студентимин. Англис тилин билем, азыркы учурда немис тилин үйрөнүүдөмүн. Менин хоббим-сүрөт тартуу жана фотография. БУУнун эл аралык Модели Непал 2019дун катышуучусумун, ProKg лидерлик программасынын, Enactus МУЦА, Global Ugrad алмашуу программасынын бүтүрүүчүсүмүн. Менин АКШдагы тажрыйбам менин көз карашымдын кеӊейүүсүнө жардам берди, адамдарды айырмачылыктарына карабай барктаганды үйрөттү. Менин университетимде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар окушчу. Алар үчүн атайын шарттар( лифттер, пандустар, автоматтык түрдө ачыла турган эшиктер)түзүлгөн болчу. Мен ар бир адамдын жакшы жашоого укугу бар экенине, жана ар биринин адамдык аброю сакталышына, ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасалышына ишенем. Ушул себептен мен сөзсүз ТθМдү колдойм жана ага ишенем. Жеке өзүмдү экологиялык проблемалар, адамдардын динине, улутуна жана башка айырмачылыктарына карбай теӊ укуктуулуу болуусу , таза энергия, элдер жана өлкөлөр арасындагы гармония, теӊсиздикти жоюу кызыктырат. Мен жаштардын коомдун өзгөрүшүнө позитивдүү өзгөрүү жарата алаарына ишенем жана мен да ага катышкым келет. Мен дүйнөнү согушсуз, теӊсиздиксиз, дискриминациясыз, коррупциясыз көргүм келет.

Чолпон Бадышева, 22 жашта, Ош

+996 778 945 997, c.badysheva@gmail.com

Жакында эле Ош мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер бөлүмү боюнча окууму аяктадым. Азыркы учурда ОО “Новый Ритм”де проекттин ассистенти катары иштеп келе жатам. Мени конфликт көйгөйлөрү, өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы болуп жаткан гендердик теӊсиздик ойлондурат. Азыркы учурда мен дал ушул проблемалар менен байланышкан ,мисалы, кыздарга карата гендердик стереотиптерди жок кылуу боюнча проекттерде иштеп келе жатам.

ТӨМ 11 

Айла Грант, 16 жашта, Бишкек

+996 555 322 088, ailag@esca.kg

Ар күнү биз экологиялык катастрофалар менен байланышкан  жаман жаӊылыктарды угуп келебиз. Эдмунд Бёрк айткандай-“Жамандыктын салтанаты үчүн бир эле шарт бар-жакшы адамдардын эч нерсе кылбай отурушу”. Эгерде сиздер жана мен эч нерсе кылбай койсок,биздин дүйнөбүз кыйрап калат. Мына дал ушул себептен мен ТθМдүн жаш элчиси болууну чечтим. Эӊ көп мени ТθМ 11 өзүнө тартты., себеби мен планетабыздын экологиялык проблемаларын чечүүдө кызмат кылгым келет. ТθМдүн элчиси катары мен элдерге экологиялык проблемалар жана алар менен кантип күрөшүү жөнүндө  айтып берсем дейм. Мындан тышкары,каалоочулор менен кошо мен таштандыларды топтоо жана жыйноо иш-чараларын жүргүзгүм келет. Былтыры, мектебимдеки проект үчүн паркта тазалоо иш-чарасын жүргүзгөм. Сабактан бошогон учурумда фортепьянодо ойногонду жана мектептин группасында ырдаганды жакшы көрөм. Ошондой эле баскетбол ойногонду, досторум менен чогуу убакыт өткөргөндү жактырам.

Арууке Камалидинова, 17 жашта, Ошская область

+996 779 699 009, +996 773 032 902, kamalovaaruuke6@gmail.com

Мен Камалидинова Арууке азыркы учурда 11-класстын окуучусумун. Менин ТӨМдүн жаш элчиси болуу боюнча негизи максатым туруктуу өнүгүү тармагына өз салымымды кошуу. Албетте өлкөбүздүн өсүү жолуна биз сыяктуу жаштардын идеалары , алардын пикири, колдоолору өтө керек экендиги маалым.Туруктуу өнүгүү бул- коомдук өнүгүүнүн жана учурда жашап жаткан адам керектөөсүн камсыз кылуу менен кийинки муундардын керектөөсүн эсепке алган  концепциясы болуп саналат. Мен үчүн Туруктуу өнүгүүнүн жаш элчиси болуу маанилүүлүгү кечеги пайда болгон мамлекеттин көйгөйлүү маселесин бүгүн жоюп, эртенки күндүн жыргалчылыгына көмөктөшүү.Мен өзүм тандаган 11-максаттын маселесин же башкача айтканда жашоо шарттын жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу менен ачык коомду куруу көйгөйүн чечким келет. Себеби бул 11-максатта 3 актуалдуу маселе биргеликте камтылган. Демек бул 3 маселени бир план менен чечүүгө болоору маалым.Мен эки мамлекеттин достугун чындоого, бекемдөө алкагындагы  уюштурулган " Кыргызстандын жана Тажикстандын ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу туруктуулукту бекемдөө " долбоорунун алкагында уюштурулган "Достук жана биримдик өлкөнүн келечеги" аттуу семинарга жана дебаттык турнирлерге 2 жолу катышкам. Ошондой эле ушул долбоор боюнча Баткен областуна да барып келгем.

Мындан тышкары ар кандай долбоор, семинарларга, тренингдерге катышып жүрөм.Мен ушулардан алган тажрыйбаларымды жаш элчи болуумда пайдаланам жана өзүмдүн дагы да жаңы пландарымды, идеяларымды  жогорулата алам.

ТӨМ 12 

Наргиза Абдыкалык кызы, 22 жашта, Бишкек

+996 555 129 123, nargizakim12@gmail.com

Мен 2018 жылы Кыргыз - Орус Славян Университетит бутургонмун. Азырк ы учурда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук корком онор музейинде баштапкы экскурсовод болуп иштеймин.

Кыргызстандын саясий- экономикалык, маданий- укутук жана башка койгойлору Борбордук Азия олколорунон алдынкы орундарды ээлегени баарыбызга белгилуу. ТӨМ жаш элчиси болуу чон жоопкерчилик жана ошону менен бирге мамлекетке салым кошууга чон мумкунчулук. Кыргызстанда ТӨМ дун бардык максаттарын ишке ашыруу абзел. Жакырчылыкты жоюу, экологияны сактоо, сапаттуу жана сарамжал иштетуу, медицина тармагы, адилеттуулукту орнотуу. Биз жаш элчилер бул процесске туздон туз катышпасак да, элге тушундуруу иштерин жургуузуу, коомдук иш чараларды уюштуруу аркылуу бул маселелерди чечууго жардам берсек болот.

Мен ТӨМ дун жоопкерчиликтуу пайдалануу жана ондуруу максатын тандап алдым. Чындыгында эле бул койгой Кыргызстанда эле эмес дуйнонун бардык булун бурчунда ото актуалдуу. Жаратылыш ресурстарын туура колдонуп туура ондурбогон олко оз келечегне эле эмес кошуна олколордун бутун планетанын келечегине коркунуч алып келет. Ага мисал буткул дуйнолук климаттын озгоруусу, монгулордун эруусу. Жонокой эле таштандыны болуп таштоо менен канча койгойдон арылса болот. ТӨМ го жаш элчи болуу мага мамлекетиме кызмат кылуу учун чон мумкунчулук. БУУ уюмунун негизги максаты да ошол эмеспи ар бир олкодо тынчтык тазалык болсо бул биздин келечегибиздин кепилдиги боло алат.

Аида Эгембердиева, 21 жашта, Бишкек

+7 905 580 38 44, aidaege@yandex.ru

Мен адамдарга алардын жашоосунун тескери тарабы тууралуу айткым келет. Себеби урнага же болбосо көчөдө кетип баратып ыргыткан таштандысы менен кийин эмне болоору тууралуу көбү ойлонбойт. Дүкөндөрдөн аябай көп санда сатылып алынып, көп кийилбей калган футболкалар үчүн канча деген жаратылыш ресурстары,жумуш күчү сарпталган?! 

Элдерге жоопкерчиликтүү пайдалануу, “убактылуу мода” жана анын айлана-чөйрөгө жана мүмкүн адамдын моралдык кебетесине болгон негативдүү таасирлери тууралуу айткым келет. Кээде, Бишкек мага менменсингендиктин, көйрөӊдүктүн жармаӊкесин эстетет. Мына эмне себептен ТθМдүн элчиси болууну кааладым. Адам өзү каалабаса, анын жашоо стилин эч ким өзгөртө албасын түшүнүп турам. Θзгөчө, ал адам комфортто, жыргалчылыкта жашоого көнүп калган болсо. Бирок, биз ага  мындай чектен тышкары колдонуунун натыйжалары тууралуу айтып берип, ал адамга чечим кабыл алуу укугун беребиз. Жөн гана өзүнүн каалоолору үчүн жашоону өзүн тыйып токтотобу, биздин айтканыбызга көнөбү же мурдакы жашоосун улантабы. Жаштар арасында “жоопкерчиликтүү колдонуу” кыймылын модага айландырсак аябай жакшы болмок. Бул нерсе аябай укмуштуу болмок. Жаштар-келечек го. Бүгүн алар балдар/өспүрүмдөр, а бирок алардын бирөөсү келечекте өлкөбүздүн мамлекеттик аппаратын жетектейт.

ТӨМ 13 

Самар Канатов, 17 жашта, Бишкек

+996 709 661 035, +996 779 760 767, samar.kanatov@mail.ru  

Мен климат өзгөрүү маселелери боюнча аябай кыжалаттанып жатам. Аны менен күрөшкөнгө ниеттенем. Туруктуу өнүгүү Максаттардын элчиси болуу жана аны алдыга жылдыруу менин ага болгон мотивациямды көтөрөт. Ар күнүмдүк маселелер жана алардын жолун табуу, аларды элге жайылтуу мен оюмча эң туура стратегия болуп саналат. 

Толгонай Акимова, 23 жашта, Бишкек

+996 773 987 981, tolgonai.akim@gmail.com

Учурда digital медиа тармагында эмгектенип жатам.

Мектеп курактан баштап эле коомдук иштерге аралашып, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине бираз болсо да өз салымымды кошууга аракеттенем. Жыйынтыктуу иш жасоодо жеке иш жасаганга салыштырмалуу башкалар менен чогу иштешкен натыйжалуу деп ойлойм. Ошондуктан мен AIESEC, Access сыяктуу жаштар уюмунда билим берүү, медиа сабаттуулук жана экология тармактарында  жаштар менен иштешип келем. Учурдагы, мений ойлонткон, эң эле оорчундуу маселелердин бири - бул климаттык өзгөрүү. Баарыбыз билгендей бул адамдын ишмердүүлүгүнүн таасиринен келип чыгууда. Ар бир жаран айлана-чөйрөдө болуп жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабастан, жоопкерчилик менен мамиле жасаганда гана позитивдүү өзгөрүүлөрдү байкоого болот.

ТӨМ 14 

Диана Канатбекова, 19 жашта, Каракол

+996 705 934 954, dianakanatbekova1@gmail.com

Кичи кезимден баштап тазалык маселелери жана биздин табигаттын сакталышы мени кызыктырып келет. Мен ишенем биздин табигат өзгөчө, укмуштай кооз жана аны коргош керек. Чоңойгон сайын булга эки эсе ишенем. Мени эң көп кыжалат кылган биздин Ыссык-Көлүбүз, анткени жыл сайын ал жакта эс алуучулар көбөйүп жатат, бирок анын туруктуулугуна, тазалыгына эч ким кызыкпайт. Мен Ыссык-Көлдү сактоо багытында иштегим келет, аны коргоо жана кележаткан көп жылдарга аны ошондой эле кооз бою сактап калуу. Мен оюмча буга бир гана биргеликте жетебиз, эгерде ар бирибиз биздин көлдү барктаса жана коргосо.

Аида Капаралы кызы, 23 жашта, Бишкек

+996 709 683 068, +996 772 428 009, aida.imankulova@inbox.ru

Мен Капаралы кызы Аида Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулуп оском.2018 -жылы  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясын аяктагам.Азыркы учурда Бишкек шаардык мамлекеттик статистика комитетинде иштеп жатам.

Мен үчүн адамдын күн сайын өнүгүп туруусу, өзүн өзү өнүктүрүүсү , билим алуусу негизги орунда.Ошол максатта тынымсыз аракет кылууга , мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга аракет кылып келем.ТӨМ дүн жаш элчиси болуу мен үчүн дагы бир чоң мүмкүнчүлүк. Анткени жаш элчи болуу менен бирге бир канча көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бүгүнкү дүйнөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон  суу астындагы жашоону коргоо, билим берүү көйгөйлөрүн чечүүгө кызыкдармын.Биз үчүн уюштурулуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга аракет кылып, 2016 -жылы уюштурулган Жаштар Парламенти долбооруна катышкам.Добоор аяктагандан соң ЭкоПолюс экологиялык кыймылын түзгөнбүз.Бул кыймылдын алкагында проект менеджери катары эмгектенип, бир канча долбоорлорду ишке ашырдык.Андан тышкары 2019 -жылы Улуттук Аракет саясий партиясы тарабынан уюшулган Жогорку Саясий Мектепке катыштым.Мектеп 3 айлык окутуунун негизинде жүргүзүлгөн. Бул мен үчүн чек эмес.Коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө өзүмдүн көмөгүмдү көргөзүүгө аракет кылам.

ТӨМ 15 

Данияр Хабибуллаев, 27 жашта, Сулюкта, Баткен

+996 776 858 050, +996 703 858 050, kg.danko.07@gmail.com

Мени кызыктырганы себеби. Аябагандай маанилүү жана керектүү. Менин өзүмдү дагы ойлондуруп жүргөн көйгөйлөрдү чечүүгө аз да болсо өз салымымды кошууну каалайм. Кайда болбосун дүйнөнун бардык тараптарына барып иштөөгө же жардам берүүгө да кызыктармын.  Биз азыркы учурдан баштап алдын ала чара көрүү менен жер шаарында тынчтык, токчулук-молчулук, таза аба, кооз жерлер, ар түрдүү жан жаныбарлар дүйнөсүнүн жашоосуна көмөкчү боло алабыз деп ишенем. Өзүмдүн билимимди жана өнөрүмдү, ойлорумду ушул максаттарды ишке ашырууга жумшоого даярмын. 

Майрам Калмурзаева, 18 жашта, Бишкек

+996 702 479 726, Mrmklmrzv@gmail.com

Мен төрөлгөндө менин ата-энем Майрам деп коюшту. Менин оюмча менин атым мага туура келет. Мен өзүмө чечим чыгардым, менин жашоомдун максаты менин айланамдагы адамдардын жашоосун шандуурак кылуу. Туруктуу өнүгүү Максатынын жаш элчиси болуу мага аябагандай чоң мүмкүнчүлүк өз максатымды ишке ашыруу, мени айланамдагы ааламды жакшыртуу.

ТӨМ 16 

Чолпон Добулбекова, 19 жашта, Бишкек

+996 755 026 102, dobulbekova17@gmail.com

2017-жылы Америкада өтүп жаткан окумда, FLEX программасы боюнча, мен башка көп өлкөлөрдөн келген студенттер менен тааныштым. Алардын окуяларын угуп, мен Кыргызстанга башкача караш керек экенин түшүндүм. Бул өлкөдөн качуу, арыздануу эмес, кайра аны өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүкторду алды көрүү. Бирок ачык, натыйжалуу институттарсыз туруктуу онугунуу камсыз кылуу мумкун эмес. Теория боюнча олкодогу коомдук институттардын мунозу, ошол олконун узак моонотто канчалык ийгиликтуу же начар онугусун аныктайт. Мен болсо биздин олкобуздун жаш канаттын жигердуу жараны катары, коп проектерде катышып ошол институттардын онугусуно оз кичи салымымды коштум. Вашингтондогу Civic Education Workshop, “Жаш жаран мектеби”, адам укуктары боюнча семинарлар, ошондой эле Кыргызстандагы жашоону жакшыртууга багытталган Enactus проектеринде. Ушыл жылы жазында мен озумдун коомдук укук боюнча долбоорумду ишке ашырдым. Ар кандай проектерде катышып мен байкадым, бизде эл оз укугун коргогонго кызыгат жана биздин коомду онуктуру учун керектуу кадамдарды кылганга даяр. Мен ишенем кичи кадамдар чон озгоруулорго алып келет. Жана ТОМ элчиси болгондуктан, ишенем биз баарыбыз тынчтыкты, сот адилеттигин жана эффективтуу институттарга биздин жана башка олколорундо жетебиз.

Чынгыз Колчуев, 25 жашта, Баткен

+996 777 777 350, ckolchuev@gmail.com

Колуев Чынгыз Баткен шаарынын тургуну, жаш активист. Буга чейин жаштар саясатын жана жаштардын кызыкчылыгын алдыга жылдырууга багытталган долбоорлордо өзгөчө тынчтыкты куруудагы жаштардын ролу боюнча ишмердуулук көрсөтүп келем. 2016-жылдан баштап "Баткен жаштар ордосу" КБнин төрагасы болуп келатам. Ошондой эле 2017-жылдын сентябрь айынан International Alert уюмунун Баткен боюнча долбоордогу өкүлү (Жаш лидер - устат).

ТӨМ 17 

Элдияр Джееналиев, 19 жашта, Бишкек

+996 771 310 035, e.dzheenaliev@gmail.com

Мен, Джееналиев Элдияр Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинде 3-курстун студентимин. Учурда "Илек-Илек жаштары" коомдук бирикмесинин жетекчиси болуп иштеп келем. Социалдык чөйрөдө коомго салым кошуу максатында өзүмдү ар тараптан сынап, алдыдагы максатыма жетүүнүн аракетиндемин. ТӨМдүн элчиси болуунун маанилүүлүгү мындайча: жаңы чөйрөдө, жаны достор менен тажрыйба алмашып, өзгөчө усулдарды үйрөнө аларыма ишенем.

ТӨМдүн 4-максатына(билим берүү жаатына) тапшыргам, бирок ман 17-максатка(өнөктөштүк багытына) өтүптүрмүн. Бул мен үчүн дагы бир жаңылык, эң чоң бир жакшылык болду, себеби мен ар кайсы багытта иш алып барып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү жаралды.

Мен ишенем, бир жыл ичинде жигердүү иш алып барып, ишенимди актайбыз!

Нурсултан Мамбеткалыев, 21 жашта, Бишкек

+996 776 21 05 98, +996 502 21 05 98, mnursultan21@gmail.com

Мен Кыргыз-орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студентимин, ошондой эле ПРООНдо ыктыярчылык жана дебат менен алектенем. ТӨМ жаш Элчиси болуу -  биринчи кезекте мен үчүн жоопкерчилик жана өлкөнүн өркүндөтүү жана өнүктүрүү үчүн салым кошууга мүмкүнчүлүк. Бардык ТӨМдөр бири бири менен байланышылган жана 17- ТӨМ абдан маанилүү ролду ойнойт. 

ТӨМдөргө жетишүү үчүн өкмөт, жарандык коом жана жеке сектордун ортосундагы диалог куруу жана туруктуу өнүгүү жөнүндө жана аны кантип ишке ашыруу үчүн жаш муундун маалыматтуулугун жогорулатуу негизги маселелер деп ойлойм.