Жаңылыктар

SubscribeSubscribe

Жергиликтүү жаңылыктар

SubscribeSubscribe

Эл аралык жаңылыктар

  • 2016-ж., 23-ноя.

    ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

    1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү алдында көптөгөн мектептерде ВИЧти алдын алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоону болтурбоого арналган сабактар жана атайын иш-чаралар өтөт. Мугалимдерге жана өсүп келаткан муундун саламаттыгы менен бакубатчылыгына кам көргөн бардык адамдарга жардам катары ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ЮНЕСКОнун БМТИ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Аймакты колдоо тобу (ЮНЭЙДС) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү (ЧЕБА) үчүн Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧти алдын алуу тууралуу видеосабак даярдашты. Белгилүү болгондой, Вера Брежнева – ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси.

  • 2016-ж., 19-окт.

    2016-жылдын 24-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Күнүнө карата кайрылуу

    Бул жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Күнүн белгилөө дүйнө жүзү жана БУУнун өзү үчүн өткөөл мезгилге туура келди. Адамзаты туруктуулук дооруна кирди. Дүйнө жүзү боюнча 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибинин маанилүү перспективалары ишке ашырыла баштады. Уюмдун 71-майрамында биз тынч планетада баары үчүн мыкты келечекти камсыздоого багытталган 17 максатка жетүү боюнча болгон аракеттерди жасап жатабыз.

  • 2016-ж., 12-окт.

    Башкы Ассамблея португалиялык Антониу Гутерришти БУУнун жаңы Башкы катчысы кылып дайындады

    Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясы Коопсуздук Кеңешинин сунуштамасы боюнча добуш берүүсүз Качкындар иши боюнча БУУнун мурдагы Жогорку комиссары (КЖКБ), португалиялык Антониу Гутерришти 2017-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге БУУнун Башкы катчысы кылып дайындады.

  • 2016-ж., 11-окт.

    Туруктуу өнүгүү максаттары доорунда эмнелер кыздардын баркын арттырууда?

    БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Аткаруучу директору, доктор Бабатунде Осотимехиндин 2016-жылдын 11-октябрындагы Кыздардын эл аралык күнүнө карата билдирүүсү.

SubscribeSubscribe

Пикирлер жана баяндамалар

ММК биз туралуу

Э-китепкана

  • 2018-ж., 22-фев.

    Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты. Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.

  • 2018-ж., 21-фев.

    Бул жыйнакка гендердик зомбулуктун алдын алуу, ага таасир этүү жана аны токтотуу көйгөйлөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана эл аралык-укуктук документтерден үзүндүлөр, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып баруу жаатындагы милдеттерин бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акттары киргизилди. Жыйнак, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана угуучуларына, ИИМ, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине, юридикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, ошондой эле гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга кызыкдар окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө арналды.

  • 2017-ж., 28-дек.

    Алгачкы жолу Кыргызстанда өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы өнүгүү максаттарына расмий жардамдашууга (ӨРЖ) мониторинг кылуу жөнүндө отчет жарыяланды. ӨРЖ – бул экономикалык өнүгүүгө жана бакубаттуулукка көмөктөшүү максатында расмий сектор, мисалы, тышкы өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлгөн жардам.

  • 2017-ж., 5-июн.

    Бул китепче “Кыргызстандагы элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу биргелешкен долбооруна катышкан аялдардын жана эркектеридин ой-пикирлери жана тажрыйбалары жөнүндө баяндайт. Долбоор – БУУнун Аялдар түзүмүнүн, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (ДАП) жана Айыл чарба өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (АӨЭФ)биргелешүүсүндө уюштурулган глобалдык демилге. Кыргызстанда бул долбоор 2014-жылдын ноябрь айынан тартып аталган агенттиктеринин дүйнөлүк тажрыйбаларын айкалыштыруу менен ишке ашырылууда.

  • 2017-ж., 1-фев.

    Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүнүн көрсөткүчтөрү орундуу болгондо, кирешенин деңгээли, жынысы, курагы, расасы, этностук таандыктуулугу, миграциялык статусу, майыптуулугу, жашаган жери жана Расмий статистиканын негизги принциптерине ылайык башка белгилер боюнча бөлүү менен берилиши керек (Башкы Ассамблеянын 68/261 резолюциясы).

  • 2017-ж., 19-янв.

    Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин (РИЭА) “Киреше деңгээли орто жана төмөн өлкөлөрдө онкологиялык ооруларды каттоо системасын пландоо жана өнүктүрүү” аттуу техникалык басылмасы орус тилине которулду. Котормону Орусия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги өз ыктыяры менен каржылады.

    БУУ фонддору менен программалары 

 

ФАО ЮНЭЙДС БУУ АУЖКБ ЮНИСЕФ БУУ ККД ПРООН БУУ Аялдар
БУУ КЖКБ ЮНИДО БУУ БКБ ЮНФПА БУУЫ БУУ ДАП ДСУ

 

 

МАГАТЭ МФСР ЭЭУ МТЦ УКГВ ООН ЮНКТАД
             
ДЭСВ ООН ЭСКАТО ООН ЕЭК ООН ЮНЕСКО ЮНЕП РЦПДЦА